Футбол: Дүйнө чемпионатына бара турган курамалар аныкталды

Сүрөттүн булагы, Tass/imago
2018-жылы Орусияда өтө туган футбол боюнча Дүйнө чемпионатына бара турган курама командалар аныкталды.
Тандоо оюндарынын эң акыркы беттешинде Перу менен Жаңы Зеландия бет келип, 32-жолдомону Перу утуп алды. Чемпионаттын баардык 32 өлкөнүн футбол командасы белгилүү болду.
Бул жолу чемпионатка бара албай утулуп калган командалар арасында дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Италия бар, андан сырткары Греция, Ираландия, Гондурас соңку баскычтагы беттештеринде утулуп калды.

Мындан сырткары Дүйнө чемпионатына салттуу түрдө катышып келген Нидерландия менен Чехия дагы тандоо оюндарында жыдып, тайпасынан чыкпай калды. Украина дагы чемпионатка барбайт.
Чемпионатты өткөрүп жаткан Орусия автоматтык түрдө катыша алат. Дүйнө чемпионаты 2018-жылы 14-июндан 15-июлга чейин болот. Биринчи беттеш Москванын Лужники стадионунда өтөт. Чүчүкулак кармоо 1-декабрда болмокчу. (AbA)




























