Сирия: Орусия химиялык чабуул боюнча иликтөөгө бөгөт койду

Сүрөттүн булагы, Reuters
Орусия Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Сириядагы химиялык чабуулду иликтөөнү кеңейтүү боюнча резолюциясына вето койду.
Москва Сириядагы согуш башталгандан бери өнөктөшү президент Башар Асадды колдоп 10чу жолу вето укугун колдонууда.
АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Орусияны айыптап, Москва Уюмдун химиялык курал колдонууга бөгөт коюу аракетине тоскоолдук жаратып жатканын билдирди.
"Орусия чабуулга ким күнөлүү экенин аныктоо боюнча тергөөнү токтотуп, келечекте химиялык чабуулга бөгөт коюу аракетибизге тоскоолдук жаралууда", -деди Никки Хейли.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Москва элчинин дооматтарын четке какты. Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензия тергөө иштерине тескерисинче Батыш тоскоолдук жаратканын белгиледи.
"Кеңештин айрым мүчөлөрү химиялык чабуулду иликтөө боюнча биз сунуштаган резолюцияны четке кагышкан. Тергөө иштери токтоп калганына алар күнөлүү. Алардын негизги максаты Дамаскты каралоо болуп жатат", -деди Василий Небензия.
БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы химиялык чабуулду иликтөө боюнча Орусия сунуштаган резолюцияны кабыл албай койгон. Анда Москва иликтөөнү кеңейтүүгө макул болуп, бирок комиссиянын мүчөлөрүн алмаштырууну жана Бириккен Улуттар Уюмунун Биргелешкен тергөө механизм (JIM) мекемеси Хан-Шейхун шаарчасында тапкан далилдерди четке кагууну суранган.
БУУнун Биргелешкен тергөө механизм мекемеси Сириядагы химиялык чабуулга жооптууларды аныктоо үчүн 2015-жылы түзүлгөн. Айтылган мекеме Сириянын өкмөт күчтөрү мамлекеттин түндүк-батыш тарабындагы козголоңчулар көзөмөлдөгөн шаарчада химиялык курал колдонгон деп жыйынтык чыгарган.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Сириянын президенти Башар Асад жана режимдин өнөктөшү Орусия Хан-Шейхун шаарчасындагы чабуулду жасалма түрдө ишке ашырылган окуя деп белгилеп келет.
Дамаск менен Москва аба сокку козголоңчулар көзөмөлдөгөн ири курал-жарак жана химиялык курал сакталган кампаларына багытталганын маалымдаган.
Хан-Шейхун шаарчасындагы чабуулда сексенден ашуун адам көз жумган.

































