Норвегия "Орусиянын тыңчы китин" кармады

Видеонун түшүндүрмөсү, Арктиканын жээгинде кармалган кит
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Норвегия Арктиканын жээгинде Орусия чыгарган атайын жабдыктар тагылган китти кармаганын кабарлады.

Норвегиянын адистери "тыңчы китти" Орусиянын деңиз күчтөрү машыктырган деп болжоп жатышат.

Биолог Аудун Рикардсендин айтымында, китке каргы менен бирге GoPro камералары дагы тагылган. Атайын жабдыктар "киттин башына тыгыз байланганын" профессор Рикардсен ырастады.

Норвегиялык окумуштуулар деңиз жандыктарды изилдеген орус илимпоздору мындай жабдыктарды колдонбойт дешүүдө.

"Менин аскердик багытта колдонулган деңиз жандыктары тууралуу изилдөө жүргүзгөн орус кесиптешим окумуштуулардын мындай жабдыктары жок экенин айтты. Анда Орусиянын деңиз күчтөрү киттерди аскердик багытта машыктырып жатканы боюнча маалыматы бар экен. Менимче бул киттин орус деңиз күчтөрүнө байланышы бар",-деди профессор Аудун Рикардсен.

Арктикада Орусиянын деңиз аскер базасы бар. Кит Мурманскдагы орус базасынан 415 чакырым аралыкта Норвегиянын Ингоя аралынын жээгинде кармалган.

"Аскердик багытта колдонулган дельфиндер"

Орусиянын запастагы полковниги болсо Норвегиянын тынчсыздануусун четке какты. "Говорит Москва" берүүсүндөгү маегинде полковник Виктор Баранетц: "Жаныбарларды тыңчылык үчүн колдонуп жатсак, аларга чөнтөк телефонду дагы тагып туруп, "бул номурга чалгыла" деп кат жазып коймок белек. Аскердик багытта колдонулган дельфиндер бар. Биз аны жашырган жокпуз",- деп айтты.

"Севастополдогу базада дельфиндерди аскердик багытта машыктырган борбор бар. Дельфиндер деңиздин түбүн анализдөө, чет өлкөлүк кемелерге миналарды орнотуу же душман суучулдарды жок кылуу боюнча машыгуудан өтөт",-деди полковник Виктор Баранетц.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Севастополдогу дельфиндерди машыктырган борборду Украина көзөмөлдөп келген эле. 2014-жылы Орусия Крым аймагын басып алгандан бери борбор Орусиянын деңиз күчтөрүнүн карамагына өткөн.

"Киттер, дельфиндердей эле абдан акылдуу болот жана адам менен аралашууга барат. Аларды ит сыяктуу эле машыктырса болот",-дейт профессор Аудун Рикардсен.

Көрсө кит норвегиялык балыкчылардын кемесине үч күн катары менен тамак сурап келе берген. Окумуштуулар китти кайра өз алдынча тамак табууга көндүрүүгө аракеттенүүдө. Бирок "тыңчы кит" башка киттердин тобуна кошула албаса, ал тамак сурап адамга келет берет экен.

АКШ деңиз күчтөрүнүн дельфиндери

Кансыз согуш учурунда дельфиндерди жана тюлендерди аскердик багытта машыктыруу боюнча АКШ деңиз күчтөрүнүн атайын долбоору болгон.

US Navy dolphin in the Gulf in 2003
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын деңиз күчтөрү 2003-жылы Ирактагы согушта дельфиндерди миналарды аныктоо үчүн колдонушкан.

Жаныбарлар миналарды аныктап, деңиздин түбүн изилдөөгө жардам берген. Ошондой эле деңиз жаныбарлары АКШнын аскердик кемелерине коркунуч жараткан чет өлкөлүк суучулдарды дагы жок кылган.

АКШнын деңиз күчтөрү 2003-жылы Ирактагы согушта дельфиндерди миналарды аныктоо үчүн колдонушкан. (AT)