Венесуэладагы кризис: оппозиция лидери иш таштоого чакырды
Венесуэлада оппозиция лидери Хуан Гуайдо президент Николас Мадурого каршылык акцияларды күчөтүү үчүн өкмөт кызматкерлерин иш таштоого чакырды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Буга чейин Гуайдо армия дагы оппозицияга кошулганын жарыялап, элди көчөгө чыгууга үндөгөн. Демонстрация учурунда бир аял каза тапты.
Ал аңгыча президент Мадуро, аны "өлкөдөн чыгып кетүүгө даяр" болчу деген сөздөрдү четке кагып, АКШ төңкөрүш уюштурууга аракеттенүүдө деп белгиледи.
Венесуэладагы кризистен улам Орусия менен АКШнын мамилеси дагы чыңалып жатат.
Венесуэла президенти Николас Мадуро каршылыктар курчуган шартта дагы оппозиция менен кепке келген жок. Кечээ күнү теледеги кайрылуусунда оппозиция лидери Хуан Гуайдонун тарапташтарын "бир ууч топ" деп атап, алардын планы ишке ашкан жок деп билдирген.
Венесуэладан качканы жаткан Мадурону орустар токтоттубу?
Шейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Венесуэланын президенти Николас Мадуро өз өлкөсүн таштап чыгып кетүүгө даяр эле, деп билдирүү жасаган.
"Анын учагы аэропортто турган. Менимче, ал бүгүн (шейшембиде) эрте менен учуп кетүүгө даяр эле. Бирок орустар анын калышы керектигин түшүндүргөн",-деди Помпео шейшембиде кечинде Си-Эн-Эн телеканалына.
Ак үйдүн өкүлүнүн айтымында, башында Мадурого өтө жакын үч чиновник президенттин чыгып кетиши боюнча оппозициянын шарттарына макул болгон. Кийин убадасынан кайра баш тартып кетишкен.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун айтымында, бул үч чиновниктин бири - коргоо министри Владимир Падрино оппозиция менен үч айдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген эле.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 1
Бирок бул жаңылыктын алдында эле Падрино аскерлердин курчоосунда туруп, Мадурону колдогон билдирүү жасады.
"Калган эки чиновник - Венесуэланын Жогорку Сотунун төрагасы Майкел Морено менен президенттин күзөт кызматынын жетекчиси",-деди Болтон. Башында алар "бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүгө" макул болушкан экен. Бирок Трамптын кеңешчиси так далилдерди келтирген жок.

Сүрөттүн булагы, AFP
Аскер жетекчилеринин курчоосунда теле кайрылуу жасаган Мадуро: "Америкалык империалисттердин колдоосуна таянган кутумдан жеңүүчү болуп чыгабыз",-деп айтты. Шейшембидеги окуяга тиешелүү кишилер жазасыз калбайт деп эскертти президент.
Шейшемби күнү эрте менен оппозиция лидери Хуан Гуайдо өлкөнүн аба күчтөрүнүн биринин базасында туруп алып видео кайрылуу жасады. Анда "аскерлер туура чечимге келди" деп айтып, Мадурого каршы күрөшүү үчүн оппозицияга өткөнүн жар салып, соңку аракетин "бийликти кулатуунун финалдык баскычы"деп атады.

Сүрөттүн булагы, EPA
Мадуронун өкмөтү төңкөрүш аракети "саткын аскер адамдары" тарабынан уюштурулду, армиянын негизги күчтөрү бийлик тарапта деп жатат.
Башкаруучу социалисттик партиянын мүчөлөрүнүн бири Диосдадо Кабельо президент Мадуронун тарапташтарын көчөгө чыгууга үндөдү.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 2
Каракаста оппозиция менен Мадурону колдогон күчтөрдүн кагылышуулары болуп жатат. Мадурону колдогон аскер күчтөрү зооттолгон унаалар менен чыгышты. Аларга каршы демонстранттар таш жаадырышты. El Universal басылмасы 37 киши жаракат алганын жазды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Аскерлердин позициясы
Жыл башында өзүн президенттин милдетин убактылуу аткаруучу катары жарыялаган Гуайдо армия тарабынан колдоого алынган эмес. Аскер күчтөрү негизинен Мадурону колдоп турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Гуайдо ошентсе да соңку видео кайрылуусунда Каракаста аны "эр жүрөк жоокерлер" колдой баштаганын айтты. Гуайдонун жанында дагы бир оппозициялык ишмер Леопольдо Лопестин турганын көрүүгө болот. Ал 2009-жылы Гуайдо менен чогуу "Элдин эрки" деген партияны негиздеген. Кийин террорчулукка айыпталып, 13 жылга эркинен ажыратылып, үй камагына чыгарылган эле. Леопольдо Лопес аны оппозиция тарапка өткөн аскерлер бошотуп алганын айтты.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жергиликтүү басылмалар мамлекеттик төңкөрүш тууралуу билдирүүдөн кийин өлкө аймагындагы мамлекеттик интернет-провайдерлер Twitter, Periscope, Facebook жана башка коомдук сайттарга чектөө киргизилгенин жазды. (AbA)
*
































