Cоода согушу: Трамп АКШ “туура нукта” баратат деп билдирди

US President Donald Trump speaks during a "Make America Great Again" rally at Aaron Bessant Amphitheater in Panama City Beach, Florida on May 8, 2019.
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШнын президенти Трамп Кытайга каршы соода согушунда Вашингтон "туура нукта бара жатат" деп билдирди.

Өткөн аптада АКШ өлкөгө импорттолгон 200 миллиард долларлык кытай товарына бажы төлөмдөрүн эки эсеге көбөйттү. Бажы тарифтери 10 пайыздан 25 пайызга жогорулады. Кытай Вашингтондун мындай аракетин айыптап, ага жооп кайтарган жатат.

Тарифтерди чет өлкөдөн импорттолгон товарлардын салыгы деп түшүнсөк болот. Президент Трамптын тарифтерди 25 пайызга көтөргөнү, америкалык ишканалар кытай товарларын 25 пайызга кымбат сатып алат дегенди билдирет.

Президент Трамптын экономика боюнча кеңешчиси Ларри Кудлоу соода согушунан "эки тарап тең жабыркайт" деп эскертти. Бирок Трамп кеңешчисинин сөзүн четке какты.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Presentational white space

"Кытай менен туура нукта бара жатабыз. Алар келишимди өзгөртүп, сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратты. Биз тарифтерди көтөрүп, он миллиарддаган доллар чогултабыз. Бул товарларды АКШнын ичинде сатып алса болот же бажы тарифтери көтөрүлбөгөн өлкөдөн импорттосо да болот",-деп жазды Трамп "Твиттер" баракчасына.

Экономика боюнча адистер болсо бажы төлөмдөрүн 25 пайызга көтөрүү жергиликтүү бизнеске бир топ кыйынчылыкты жаратат дейт.

Кытай кандай жооп кайтарат?

АКШ тарифтерди көтөргөн сайын Бээжин дароо жооп кайтарып, АКШнын товарларына бажы төлөмдөрүн жогорулатып жатат.

Маселен, АКШ мурда Кытайда өндүрүлгөн 250 миллиард доллар наркындагы товарга бажы төлөмдөрүн көтөргөн. Кытай жооп катары АКШда өндүрүлгөн 110 миллиард долларга бааланган товарга салыкты жогорулаткан.

Эми Трамптын чечиминен кийин Кытайдан келген балык, кол баштык, кийим жана бут кийимге тарифтер 25 пайызга жогорулайт. АКШ жылдын башында эле бул кадамын жар салган. Бирок сүйлөшүүлөр улансын деген максатта тарифтерди көтөрбөй келген.

Вашингтондун бул кадамына карабастан, Кытай менен АКШ соода тармагында пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү уланта берет.

Дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикага ээ болгон бул өлкөлөр ортосундагы 600 млрд. доллар көлөмүндөгү сооданын талашы дүйнөлүк экономикага дагы таасир этүүдө.

Кытай Трамптын айткандарына өзүндөй жооп кайтарууда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытай Трамптын айткандарына өзүндөй жооп кайтарууда

Трамптын тариф саясатындагы опузасынан Азия биржаларында олку-солку абал түзүлдү.

Вашингтон менен Бээжин өздөрү соода согушун каалабай турганын айтууда. Экономисттердин эсебинде, эрегиштин айынан АКШда экономикалык өсүш болжолдуу түрдө 0,5% басаңдайт, Кытай да мындан кача албайт.

Америкалык бизнес-бирикмелер улам тарифтерди көтөрүү жумуш орундарынын кыскарышына, баалардын өсүшүнө алып келерин эскертип жатышат.

Сүлөшүүлөрдө кандай маселелер көтөрүлдү?

Дональд Трамп АКШ-Кытай ортосундагы соода дефицитин азайтууну көздөйт. АКШ жылына 500 млрд долларга Кытай товарларын сатып алат, ал эми Кытайдын өзүнө кайра сатканы 130 млрд долларды түзөт. Трамп мындай чоң айырма кытай бийлигинин өздөрүнүн экономикасын катуу кармаган "уятсыз саясатынын" айынан болуп жатат деген пикирде.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Ошондой эле Вашингтон Кытай америкалык компаниялардын интеллектуалдык менчигин уурдап жатат деп айыптоодо. Кошмо Штаттарынын компаниялары Кытайда иш алып баруу үчүн жергиликтүү компаниялары менен биргелешкен ишкана түзүүгө милдеттүү. Бул талаптан улам кытайлык компаниялар чет элдик ишканалардын технологиясын алып жатат дейт АКШ.

Кытай жетекчиси үчүн бул талашта жемин жедирип жиберүү - намыстын эле иши эмес, он жылдыктын эң ири долбоору болгон "Made in China 2025" стратегиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Бул долбоорго ылайык, Кытай роботтехника менен таза энергиядан баштап жогорку технологиянын он орчундуу тармагында Батышты кууп жетейин деп келет. Америкалык технология менен кооперациясыз бул ишти аткаруу кыйын болот.

Дал ошол себептен Кытай экономикалык түзүлүшүн өзгөртпөйт дейт талдоочулар. (AT)