Орусия: ФСБнын "Альфа" атайын бөлүмүнүн командири кызматтан алынды

фсб
Published

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) "Альфа" атайын бөлүмүнүн командири Валерий Канакин кызматтан алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Ардагергер ассоциациясы билдирди.

Июль айынын башында ФСБнын жети кызматкери, анын ичинде "Альфанын" үч аскери карактоо боюнча айыпталып, камакка алынганы кабарланган.

"Ал кызматтан кеткенине көп болду",- деп билдирди террорго каршы "Альфа" бөлүмүнүн эл аралык ардагерлер ассоциациясынын президенти Сергей Гончарев. 2019-жылы март айында эле "Спецназ России" басылмасы Канакин "Альфа" бөлүмүнөн кеткенин жазган. Гончаревдин айтымында, Канакиндин кызматтан кетиши ФСБнын жети кызматкеринин камакка алынышы менен байланышы жок.

Канакин 1984-жылдан тарта "Альфада" кызмат өтөгөн, 2014-жылдын март айынан бери атайын бөлүмдү башкарып келген. Офицер 2002-жылы Дубровка театрында жана 2004-жылы Беслан мектебинде барымтага алынгандарды бошотуу операциясына катышкан. Канакинге 2004-жылы сентябрь айында "Орусиянын баатыры" наамы ыйгарылган.

ФСБ кызматкерлеринин камалышы

5-июлда Москванын аскердик соту ФСБнын жети кызматкерин камакка алуу боюнча чечим чыгарды. Алар карактоо боюнча айыпталууда. Шектүү катары кармалгандардын аты-жөнү ачык жарыялана элек.

РБК маалымат агенттигинин айтымында, камакка алынгандардын арасында "Альфанын" үч аскери, "Вымпел" отрядынын бир кызматкери жана маалымат, коопсуздук жаатында иш алып барган ФСБнын "К" бөлүмүнүн эки офицери бар. Кармалган офицерлер банктан 2,2 млн. доллар уурдаган деп шектелүүдө.

ФСБнын "Альфа" атайын бөлүмү эмне иш кылат?

ФСБнын "А" бөлүмү ("Альфа") 1974-жылы түзүлгөн. Башында атайын бөлүмгө отуз гана офицер кирген. Кийин КГБ жоюлуп, ФСБ түзүлгөндө "Альфадагы" аскерлердин саны эки жүздөн ашты.

ТАСС агенттигинин айтымында, "Альфанын" биринчи тапшырмасы Чили компартиясынын төрагасын советтик диссидент Владимир Буковскийге алмашуу операциясы болчу.

"Альфанын" аскерлери 1979-жылы декабрь айында Ооганстандагы президенттик сарайды басып алуу операциясына дагы катышкан. Бул СССРдин Ооганстандагы биринчи аскердик кийлигишүүсү эле.

Советтер Союзу ыдырагандан кийин "Альфанын" аскерлери Чеченстандагы согушка жана бир нече контртеррордук операцияларга катышкан. (AT)