Орусия-Украина туткундарды алмашуу иштерин улантат

Сүрөттүн булагы, Reuters
Украинанын расмийлери туткунга түшкөн орус-украин аскерлерин алмашуу боюнча иштер уланып жатканын маалымдады. Буга чейин Украинанын прокурору эки тарап туткундарды алмашты деп жарыялаган эле. Алардын арасында моряктар, режиссёр Олег Сенцов да бар деп айтылган.
Украинанын президенттик аппараты мурдагы маалыматтарды четке какты.
Сенцов 2014-жылы Крым аймагында террористтик коомчулук түзүү айыбы менен камакка алынып, жыйырма жылга кесилген. Украиналык моряктардын катерлерин өткөн ноябрь айында Керч кысыгында орусиялык кемелер аткылап, кармап алышкан.
Киев кемелери Одессадан Мариуполь шаарына Керч кырсыгы аркылуу өтүп бара жатканын жана бул тууралуу Орусияга алдын ала маалымат бергенин айткан. Москва болсо украиналык катерлер чек араны бузуп өткөнүн билдирди. Окуяда 24 украиналык аскер камалып, кеминде үчөө жаракат алган.

Киев менен Москва расмий билдирүү тарата элек. Бирок туткунга түшкөндөрдүн жакындары Киев шаарынын аба майданында чогулуп жатканы тууралуу кабар чыгууда. Буга чейин режиссёр Сенцов Москвадагы түрмөгө которулганда, эки тарап туткундар менен алмашат экен деген жаңылык тараган эле.

Сүрөттүн булагы, Rossiya 24
Сенцов май айында ачкачылык жарыялап, камакка алынган 64 адамды бошотууну талап кылган. Ал 140 күн ачкачылык кармаган болчу. Эгерде наар албаса, кызматкерлер ага кыйнап тамак бергени жаткан. (AT)




























