"Смс аз, мыйзам көп болсун": Украинанын жаңы парламенти жаңы өкмөттү бекитти

Жогорку Рада
Published

Украинада июлда шайланган Жогорку Рада Киевде биринчи жыйынын өткөрдү. Зеленскийдин "Эл кызматчысы" партиясы көпчүлүктү түзгөн парламент биринчи күнү эле, фракция башчысы Давид Арахамия айткандай, 16 саат турбо режимде иштеп, жаңы өкмөттүн курамын бекитти, күч жана көзөмөл органдарынын башчыларын дайындады.

Зе-Рада

Украинада бейшембидеги эң башкы жаңылык президенттин партиясы үстөмдүк кылган парламенттин иштеп баштаганы болду, мындай парламент Украинанын тарыхында биринчи жолу болуп жатат.

Соңку айда Киевдеги эксперттер Украина үчүн принципиалдуу жаңы парламенттик кырдаалдын оң-терс таасирлерин абдан кызуу талкуулашты: жаңы Рада тарыхтагы эң эффективдүү парламент болобу же бара-бара жумшак диктатураны көздөй жылабы?

Кандай болсо да башкаруучу партия биринчи күнү башка фракцияларга эч көңүл бурбай да коюшу мүмкүн эле.

Бирок, акыры басымдуу көпчүлүк добуш менен Зеленскийдин партиясынын атынан Дмитрий Разумков спикер, Руслан Стефанчук вице-спикер болуп шайланды. Ошондой эле 23 парламенттик комитеттин 19 да президенттик партиянын өкүлдөрү ээлешти.

Оппозиция өз кезегинде Зеленскийдин партиясын укук бузуп жатат деп айыптады, алардын жүйөсүндө комитеттердеги жетекчи кызматтарды бөлүштүрүүдө теңчилик болгон жок. «Эл кызматчысы» бул билдирүүлөргө кебелип койгон жок.

Бир жыл сынак

Зеленский Жогору Радада

Бейшембиде Жогорку Радада анын тарыхында биринчи жолу Украинанын ички жана тышкы абалы жөнүндө президенттин эң кыска кайрылуу сөзү жаңырды.

Владимир Зеленскийдин сөзү беш мүнөттө эле бүттү. Анын маанисине караганда, президенттин биринчи жүз күнү ушул аптага туура келди, Украина биринчи ылдамдыктагы жарыгын күйгүзүп койгон автомобилдей жүрүп баратат, эми Рада ишин баштагандан кийин мамлекет бешинчи ылдамдыкка салып, ишенимдүү алга жылышы керек.

Зеленский жарыялаган артыкчылыктуу багыттар улуттук коопсуздукту жана коргонууну бекемдөө, Донбасстагы согушту бүткөрүү, Россия аннексиялап алган Крымды кайтарып алуу жөнүндө болду. Бирок бул максаттарга жетүүнүн жолдорун президент айткан жок. Ошондой эле анын сөзүндө, Киев менен Москвадагы булактар мына-мына болот деп жаткан туткундарды алмашуу жөнүндө бир да сөз болбоду.

"Эң аз, бир жыл гана иштеген парламент болуп тарыхка кирип калбагыла, кудай аны бербесин»,-деди президент. -Ишенип койгула, мен билем, Жогорку Раданы тараткан анчалык оор эмес».

Эң жаш премьер жана "өткөөл министр"

Парламент биринчи иш күнү украин өкмөтүнүн жаңы курамын дайындады. Анын башына Украинанын тарыхындагы эң жаш премьер-министр, 35 жаштагы Алексей Гончарук келди, ал буга чейин президенттин офис (Украин президентинин администрациясы эми ушинтип аталып калды) башчысынын орун басары болуп иштеди.

Алексей Гончарук Украинанын тарыхындагы эң жаш премьер-министр болуп калды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алексей Гончарук Украинанын тарыхындагы эң жаш премьер-министр болуп калды

Кабинеттеги кызматтарды бөлүштүрүү көпкө чейин талкууланды. Айрыкча Арсен Аваков ички иштер министри кызматын сактап калабы деген суроо бүйүрдү кызытып турду.

Бир жагынан ал мурдакы президенттин бийлигинин бир бутагы эле, бирок бул саясатчылардын ортосунда чыңалган мамиле болуп келгени белгилүү. Ошол эле убакта бийликти бүт жаңыртуу Зеленскийдин шайлоо убагындагы башкы ураандарынын бири болчу.

Акыры Аваков министр ордун сактап калды, бирок Давид Арахамия айткандай, «өткөөл министр» макамы менен калды.

"Күчтүү талапкерди табууга убакыт жок болду»,-деп актанды Арахамия, анын айтымында «Аваковдун «өткөөл мезгили» жарым жылдан ашпашы керек. Бирок, Аваковду окуп жатканда Гончарук бир да жолу «өткөөл» деген сөздү айткан жок.

Аваков менен кошо өткөн бийликтин дагы бир өкүлү - финансы министри Оксана Маркарова да өкмөттө калды.

Министрлер менен кошо парламент башка да бийлик өкүлдөрүн дайындады. Украинанын коопсуздук кызматынын башчысына Зеленскийдин бала кезден берки досу Иван Баканов бекитилди, ал эми президенттик команданын дагы бир мүчөсү Руслан Рябошапка баш прокурор болуп калды.

"Смс аз, мыйзам көп болсун"

Жогорку Рада

Жыйын убагында депутаттар жеке каттарды жазып пикир алышканга да убакыт табышты, анын айрымдары коомдук сайттарда тамашага айланды. Арсен Аваков министр кызматында калгандан кийин "Страна" басылмасынын журналисттери Аваковдун эчактан берки атаандашы болгон депутат Лиза Богуцкаянын телефонунун экранын сүрөткө тартып чыгарып жиберишти.

Аталган депутат "Леночка" аттуу таанышына жазган катында Аваковдун калтыруу чечимин мурдакы президент Порошенко "өтө олуттуу төңкөрүш даярдап жатканы" менен түшүндүргөн.

Президент Владимир Зеленский өзүнүн кайрылуу сөзүн баштаганга чейин эле коомдук сайттардагы жайнаган пикирлерди окуган болсо керек, ошондуктан ал сөзүн: "эсемести аз, мыйзам көп болсун, эл күтүп жатат" деп баштады. (КС)