Москва карантин чараларын алды. Жумушка кайтууга болобу?

Сүрөттүн булагы, Sergei Bobylev/TASS
Орусия баш калаасы Москвада карантин чаралары жоюлду. Бирок жумуш берүүчүлөр кызматкерлерин мурдагыдай толук бойдон ишке чакыра албайт.
Соңку маалыматтарга караганда, Орусияда Covid-19 жуктуруп алган 8 595 жаңы учур белгилүү болду. Анын 18,3 пайызы Москвага тиешелүү (1 572). Пандемия башталгандан бери Орусияда вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 485 253 кишиге жетти.
Расмий маалыматтарга караганда, суткалык көрсөткүч бирдей деңгээлде келе жатканына төрт апта болду.
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 9-июндан тарта шаардагы карантин режими алынганы тууралуу буйрук чыгарды. Бирок беткап жана мээлей кийип, коомдук жайларда социалдык аралыкты кармоо чаралары бекем сакталат.
Ошондой эле шаардык мэрия жумуш берүүчүлөрдөн офис кызматкерлердин көбүн үйдөн иштетип турууну өтүндү.
"Шаарда жогорку даярдыктагы режим дале күчүндө. Ага ылайык, офистеги кызматкерлердин саны мүмкүн болушунча аз болушу керек. Бул чектөөнү компаниялар өздөрү чечет. Ошону менен бирге эле жумуш берүүчүлөр кызматкерлердин санитардык эрежелерди бекем сактоосун өздөрү камсыздашы керек",-деди Москва мэриясынын өкүлү Гульнара Пенькова.
Мунун алдында эле премьер-министр Михаил Мишустин Орусия акырындап курорттук сезонго эшигин ача турганын жарыялаган. Вице-премьер Дмитрий Чернышенко туристтик сезондун ачылышы жана аймактар аралык карым-катнашка 1-июлдан тартып уруксат бериле турганын билдирди. Өкмөт аймактын губернаторлоруна туристтик тармакты ачууга даярдык көрүү тапшырмасын берген.
Көп өлкөлөр карантин чараларын жеңилдеткени менен сырттан келгендерди эки апта милдеттүү түрдө карантинде кармап жатышат. Ошондуктан быйылкы туристтик сезондун кандай болору коронавирус боюнча абалдан көз каранды болуп турат. (AbA)

































