Луцкдагы окуя: Зеленскийдин кайрылуусу, барымтачылар бошотулду

Коопсуздук кызматы жүргүнчүлөрдү барымтага алган киши өзү колго түшүп бергенин билдирди
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коопсуздук кызматы жүргүнчүлөрдү барымтага алган киши өзү колго түшүп бергенин билдирди
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Украинанын Луцк шаарында 13 жүргүнчүсү менен автобусту барымтага алган киши коопсуздук кызматына колго түшүп берди.

Барымтачыларды бошоткондон кийин басма сөз жыйынында ички иштер министри Арсен Аваков "кылмышкердин шериктери болгон" деп билдирди. Алардын бири Харьковдо кармалып, жанынан ок атуучу курал жана жардыргыч зат табылган.

Видеонун түшүндүрмөсү, Зеленский барымтачынын талабын аткарып, видео билдирүү жасады

Эскерте кетсек, Украинанын Луцк шаарында куралдуу киши жүргүнчүсү менен автобусту барымтага алган. Автобуста жардыргыч зат жана курал бар деп айтылган эле. Полиция Луцк шаарындагы автобус турган аймакты курчоого алып, куралдуу киши менен телефон аркылуу байланышкан. Коопсуздук кызматы шаар тургундарына үйдөн чыкпоону эскертти. Полиция күчтөрү курчап турган аймактан октун үнү угулган.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

"Автобустан бир нече жолу ок атылды, эки терезеси талкаланды. Жаракат алгандар тууралуу азырынча маалымат жок",-деген ИИМ. Полициянын маалыматына караганда, куралдуу киши автобуска мина коюлганын айткан. Андан тышкары дагы бир жайга жардыргыч зат бекитилгенин маалымдаган. Полицияга ысымын Максим Плохий деп тааныштырган. Кийин анын мурда эки жолу соттолгон Максим Кривош экени белгилүү болду.

Анын так эч кандай талабы жок, деген эле полиция. Коомдук сайттарда ал анархия тууралуу, система менен күрөш тууралуу талкуулаган.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

"Твиттер" баракчасында ал "антисистема күнү менен куттуктап", "мамлекет - негизги террорчу" деп жазганын "Конкурент" агенттиги кабарлады.

Анын талаптарында мамлекеттик аткаминерлер, депутаттар жана чиркөөнүн өкүлдөрү "мыйзамдагы террорчу" экенин моюнуна алып, YouTube аркылуу видео кайрылуу жасашы керектиги айтылган.

Видеонун түшүндүрмөсү, Окуя болгон жерден алынган тасма

Жүргүнчүлөрдүн телефондору аркылуу жооп берип, алардын жакындарына мүмкүн болушунча көп журналисттерди чакырууну жана өзүнүн талаптарын скриншот кылып бөлүшүүнү буйруган.

Андан сырткары ал белгилүү украиналык журналист Юрий Бутусовго чалып, көп журналисттердин келишин айткан экен. Бутусов "эгерде автобустагы балдар менен аялдарды бошотсо" өзү дагы бара турганын билдирген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский болжолу кечки саат тогуздар чамасында "Фейсбук" баракчасына видео кайрылуу жасады. Комментарийлерде Кривоштун талаптарын скриншот кылган. Талаптардын бири төмөнкү текстти окуп видео жайгаштыруу керек эле: "Жердегилер" тасмасы, 2005-жыл". Зеленский мына ушул талапты аткарып, текстти окуган.

Заложники

Украин президентинин басма сөз катчысы Юлия Мендель Би-Би-Сиге Зеленский өзү дагы барымтачы менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн ырастаган. Мына ушул маалда үч кишини бошотууга мүмкүн болгон.

Ушундан бир саатка жетпеген убакыт өткөндөн кийин ички иштер министри Арсен Аваков барымтачылар бошотулуп, куралдуу киши колго түшкөнүн кабарлады. Кийин Зеленскийдин видеосун өчүрүп, "Твиттерге" билдирүү жарыяланды.

ИИМ шектүү 44 жаштагы Максим Кривош экенин билдирди. Буга чейин бандитизм, мыйзамсыз курал алып жүрүү, алдамчылык, күч менен акча талап кылуу беренеси менен эки жолу соттолуп, он жылдай абакта болгон.

Луцк
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Луцк шаарындагы автобус турган аймак курчоого алынды

Жаныбарларды коргоо боюнча активисттердин бири шектүү акыркы беш жылда ыктыярчы болуп иштеп жүргөнүн айтып берди. "Абдан токтоо, тартиптүү, сабырдуу болчу. Баары дендароо болуп жатат. Жаныбарларды коргоп, дарылап келген эле",-деди активист Алла Лосик. (AbA)