"Тарыхый келишим": Израил менен тынчтык келишимин түзгөн үчүнчү араб өлкөсү

Биньямин Нетаньяху менен мураскер канзаада Мохаммед бин-Зайед аль-Нахьян
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Биньямин Нетаньяху менен мураскер канзаада Мохаммед бин-Зайед аль-Нахьян
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Израиль менен Бириккен араб эмираттары Трамптын ортомчулугу астында мамилелерди жакшыртуу жөнүндө тарыхый келишимге кол коюшту. Бул жөнүндө Трамп билдирүү жасады.

Дональд Трамп, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана Абу-Дабинин мураскор канзаадасы Мухаммед бин-Зайед кол койгон биргелешкен билдирүүдө бул тарыхый чечим Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты чыңдоого өбөлгө болот деген тилек айтылат.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 1

Келишимдин шарттарына ылайык, Израил Батыш жээктеги аймактарды аннексия кылуу пландарын убактылуу токтотот.

"Зор жетишкендик! Биздин эки улуу досторубуз Израиль менен Бириккен араб эмираттарынын ортосундагы тарыхый тынчтык келишими!",-деп жазды "Твиттерге" президент Трамп.

Буга чейин Израилдин Персия булуңундагы бир дагы мамлекет менен дипломатиялык мамилеси болгон эмес. Бирок кээ бир өлкөлөр расмий эмес дипломатиялык каналдарды түзүп келишкен. Бул аймакта Ирандын улам күчөп жаткан таасири араб өлкөлөрүнүн еврей мамлекети менен расмий эмес байланыштарды түзүүсүнө түрткү болду.

Дональд Трамптын билдирүүсүнө жооп катары Биньямин Нетаньяху «Твиттерге» «Тарыхый күн» деп жазды.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 2

БАЭнин АКШдагы элчиси Юсеф Аль-Отейба бул келишимди дипломатия үчүн да, бүтүндөй регион үчүн да жеңиш деп атады.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 3
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 3

1948-жылы Израиль мамлекети түзүлүп, андан кийин араб өлкөлөрү менен болгон конфликттерден берки өткөн убакыт ичинде бул Израилдин араб өлкөсү менен түзгөн үчүнчү келишими. Египет менен келишимге 1979-жылы, Йордания менен 1994-жылы келишимге кол коюлган.

Жакынкы апталарда Израил менен БАЭнин делегациялары инвестиция, туризм, авиа каттамдар, коопсуздук, телекоммуникация, энергетика, саламаттык сактоо, маданият, айлана чөйрөнү коргоо жана эки өлкөнүн элчиликтерин ачуу маселелери боюнча эки тараптуу келишимдерди түзүүгө тийиш.

Биргелешкен коммюникеге ылайык, БАЭ менен Израил АКШнын «Жакынкы Чыгыштагы стратегиялык планына» кошулмакчы.

Presentational white space

Джонатан Маркус, Би-Би-Си коргоо маселелери боюнча аналитиги

Израил менен БАЭнин ортосунда дипломатиялык жакшы мамилелерди түзүү, элчиликтерди ачуу, соода байланыштарын жакшыртуу - бул эң сонун дипломатиялык кадам. Бирок анын артынан суроолор чыкпай койбойт. Бул келишимдин потенциалы толук ишке ашабы? Бул жолго Персия булуңундагы башка өлкөлөр да түшөбү?

Ошондой эле келишимде эмне жок экенин айта кетүү да маанилүү. Алар президент Трамп көптөн бери айтып келаткан палестин көйгөйүн тынчтык жол менен чечүүнүн баарын камтыган планынан кыйла алыс. Бирок кыска убакытта алганда бул баарына пайдалуу.

Ак Үй бул бүтүм жөнүндө биринчи болуп жарыялады, эми бул кайра шайланууга шансы азайып турган президент Трампка кошумча упайларды алып келиши мүмкүн.

Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаньяху үчүн дагы бул кыйчалыш абалдан чыгуунун өзүнчө бир жолу. Анын оккупацияланган Батыш жээктеги орчундуу жерлерди аннексия кылуу убадасы аткарылбай калды. Буга АКШнын кайдыгерлиги жана башка өлкөлөрдүн каршылыгы да себеп болбой койгон жок. Нетаньяху эгер Израилде кезектеги шайлоону тездетүүнү чечкен болсо, БАЭ менен болгон «тынчтык демилгесин» өзүнүн рейтингин көтөрүүгө шанс катары карашы мүмкүн.

Эмираттар үчүн дароо келчү пайда эмне экенин айтуу кыйын. Бирок алардын Вашингтон менен мамилеси жакшырат, ал эми Израил менен келишимдер экономикалык жана илимий, ошондой эле коопсуздук жагынан пайдалуу болот.

Жалпысынан алганда бул келишим бир караганда абдан маанилүү же анчалык мааниси жок болуп көрүнүшү мүмкүн. Палестиндердин көз карашынан алганда бул жаңылык жайкагандан башка аларга жаңы эчтеке бербейт, анткени аларды кайрадан четке сүрүп коюшту.

Израилдин премьер-министри менен БАЭнин мураскор канзадаасы Жакынкы Чыгыштын алдында турган коркунучтар жана сыноолор жөнүндө окшош көз карашта экенин белгилешип, ошондой эле региондо туруктуулукту сакташ үчүн дипломатиялык алака-катыш, экономикалык терең интеграция жана коопсуздук маселелеринде кызматташуу маанилүү деп жатышат.