Франция Афганистандагы операцияларын токтотту

Афганистандагы Франция аскерлери
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Афганистандагы Франция аскерлери
Published

Афган аскери төрт француз аскерин атып өлтүрүп, кеминде он алтысын жарадар кылгандан кийин Франция Афган армиясы менен машыгууларды жана бирдиктүү операцияларды токтотту. Франциянын президенти Николя Саркози Афганистандагы аскерлерин эртелей чыгарып кетүү сунушун дагы берээрин билдири.

"Франциянын армиясы афган аскерлери бизге ок атсын деп ал жерде жүргөн жок", - деп айтты Саркози. Франциянын Тышкы иштер жана Коргоо министрлери окуяны иликтөө үчүн Афганистанга жолдонгон. Би-Би-Синин Афганистандагы кабарчысынын айтымында, НАТО күчтөрүнө чоң салым кошкон Франция аскерлерисиз Талибандарга каршы күрөш кыйынчылыкка турушу ыктымал.

Өлкөнүн түндүгүндөгү Каписа провинциясында Афган улуттук армиясынын аскери НАТОнун катарында кызмат өтөгөн жоокерлерге ок чыгарып, франциялык 4 аскер каза тапты. Бул окуядан кийин афган жоокери камакка алынганын НАТОнун жана Афган өкмөтүнүн өкулдөрү билдирди.

Афган расмий өкүлдөрүнүн айтуусунда окуя Каписа провинциясынын Тагаб аймагында орун алган. Бул жакта француз жана афган аскерлери биргелешкен операцияларды өткөрүп жатышкан. Тагабдагы афган чалгындоо кызматынын офицери афган жоокери ок чыгарганын тастыктаган. Анын айтуусунда каза тапкандардан тышкары бир нече француздар жаракат алып айрымдарынын абалы өто оор.

Эл аралык коопсуздук күчтөрү да чабуул болгонун ырастап, афган жоокери кармалганын билдиришти. Афган өкмөтүнүн өкүлү Би-Би-Си менен маегинде Афганистан үчүн дагы, НАТО үчүн дагы кайгылуу бул окуя боюнча тергөө башталганын маалымдады.

Бир нече жылдан бери эле Афган армиясындагы жоокерлердин ишенимсиздиги , армиянын жана полициянын катарына талибдердин тымызын кирип жатканы чоң проблемага айланды. Афган жоокерлери НАТОнун аскерлерине курал көтөрүп жатканы биринчи жолу болуп жаткан жок.

Афган өкмөтү бул маселенин чечүүнүн эч кандай жолун таба элек.

Орусия Талибан коркунучуна байланыштуу Кыргызстанга жардам берүүдө

Британдык "Тегераф" гезити Орусиянын Кыргыз Республикасына аскерий жардамдарды көбөйтүп жатканы тууралуу маалыматты жарыялады. Ага ылайык, Орусия Кыргызстанга чек ара аймактарындагы коопсуздукту күчөтүү үчүн аскерий жардамдарды берүүдө.

Бул НАТО күчтөрүнүн 2014-жылы Афганистандан чыгарылаар алдында болуп жатканы белгиленген. Макалада Борбордук Азия өлкөлөрү НАТО Афганистандан чыгып кеткенден кийин Талибан күчтөрү түндүк аймактарга жылат деп кооптонушаары айтылган.

Орусия Афганистандан Орусия, андан ары Европага өткөн баңгизаттардын жолунда турган Тажикстан жана Кыргызстандагы чек ара коопсуздугун бекемдегиси келет деп айтылган макалада.

Ал эми "Рейтер" агенттигинин маалымдашынча, Орусиянын Кыргызстанга берчү аскерий жардамы 16 миллион долларга бааланууда. Соңку он жылдан бери Афганистанга жакын жайгашкан Кыргызстанга АКШ жана Кытай дагы чоң көңүл бурууда.

Былтыр жал соңунда Улуу Британия Бишкекте өз элчилигин ачкан.