Ооганстандан баш калка сурагандар

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ар кайсыл өлкөлөрдө башпаанек сурап кайрылган кишилер боло келгени бул чоң деле жаңылык эмес. Маселен, Ооганстанда жашаган киши Батыш өлкөлөрүнөн же башка мамлекеттерден башпаанек сураса, анда ал үмүтсүз, кооптуу жашоосунан качууга аракет кылып жатыптыр деп түшүнсө болот.
Бирок, Ооганстандан башпаанек сурап кайрылгандар бар экени бул албетте жаңылык. БУУнун маалыматы боюнча акыркы жылдары Ооганстандан башпаанек сурап кайрылган кишилер саны 100дөн ашкан. Алардын көпчүлүгү Борбор Азия өлкөлөрүнүн атуулдары дейт аталган уюум.
Амир Хамза Тажикстанда болгон жарандык согуш учурунда өз өлкөсүн таштап Ооганстанга качып келгендердин бири. Амир Хамза өздүк документтеринин айрылып калганын, ал Тажикстанда бир топ жылдар боюу болбогонун айтат.
Тажикстанда жарандык согуш басылгандан кийин өз өлкөсүнө кайтып кетүүгө үмүттөнгөн. Бирок Ооганстан түндүгүндө кала берген экен. Азыр Амир Хамза Ооганстандан башпаанек алуу үчүн БУУнун Качкындар боюнча өкүлчүлүгүнө кайрылган.
-Тилекке каршы менин башпаанек сураганымы Качкындар уюму канаатандырган жок. Эмне себебептен экенинн мага түшүнүксүз. Бул мага көптөгөн кыйынчылыктарды жарат. Чет өлкөгө чыгуу мүүнчүлүк болбой калат. Ошон үчүн Качыкындар уюму менин арызымды канатандырса дейм-деп айтып берүүдө Амир Хамза.
Ал жакындары менен Ооганстандын Мазари-Шариф аймагында жашайт. Талибандар учурунда башынан чоң кыйынчылыктарды кечиргенин айтып берди.
БУУнун Качкындар боюнча Ооганстандагы өкүлү Надири Фархат:
-Азыркы күндө көптөгөн чет элдик жарандар Ооганстандан башпаанек алуу үчүн кайрылып жатышат. Бизге белгилүү болгондой 100дөн ашуун чет элдик жарандар Ооганстандан башпаанек алган. Булардын документтерин карап чыгуу бизге тапшырылган. Алардын көпчүлүгү Борбор Азиядан. Алардын айрымдарына башпаанек берилген, кээ бирөөлөрүнүн документтери текшерилип жатат. Ошол эле учурда уруксат берилбегендер да бар -деген маалыматтын билдирди.
Ал эми Ооганстандагы Качкындар министрлигинин өкүлү Исламидин Жираддин:
-Чет элдик башпаанек сурап келгендердин так саны канча экени белгисиз. Ооганстанда качкындар боюнча эч кандай мыйзам жок. Бирок Оооганстан Женева конвенсиясынын эрежелерине таянып иш алып барат-дейт
Ооганстанда коопсуздук чаралары абдан төмөн. Жашоо-шарттары, социалдык абал башка өлкөлөргө салыштырмалуу начар деп айтса болот. Бирок ошого карабастан көптөгөн чет элдиктер Ооогансатандан башпаанек суроодо.




























