Сирияда кан төгүүлөр уланууда

Сүрөттүн булагы,
Сириянын армиясы башкалаа Дамасктагы оппозицияга өткөн аймактарын кайра тартып алганы кабарланууда. Танкалардын коштоосунда жүздөгөн аскерлер кечээ башталган чабуулду улантып жатат деди оппозициянын өкүлү.
Анын айтуусунда айрым аймактарда артка чегингени менен оппозицияга өтүп кеткен аскерлер күрөштү улантууда. Бүгүн бери дегенде 8 киши курман болду. Сириянын Хомс жана Дераа шаарында дагы армия чабуулга өткөн.
Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, Ливан менен чек арага жакын жерде дагы бир газ кууру жардырылган. Бириккен улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши Сириядагы зомбулукту дипломатиялык жол менен токтотуу аракеттерин улантууда.
Орусия Сириянын оппозициясы менен өкмөттү Москвага сүйлөшүү өткөрүүгө чакырган эле. Чакырууну Сирия кабыл алды дейт Орусия, бирок оппозициянын өкүлү ага катышпайбыз деп айткан.
Бириккен улуттардын коопсуздук кеңеши болсо Президент Ассадды бийликтен кетүүгө үндөгөн резолюцияны камдоодо. Орусия болсо резолюцияга каршы чыккан.
























