Гаага соту Каддафинин кызынын арызын четке какты

Published

Эл аралык Гаага соту Ливиянын мурунку лидеринин кызы Айша Каддафиге бир тууган агасынын сот жараянына катышуу боюнча берген арызын канаатандырган жок. 35 жаштагы Айша Каддафи кесиби боюнча юрист болгондуктан ушул жекшембиде боло турган агасынын сотунда юрист катары катышууну соттон өтүнгөн эле.

Анын бир тууганы Сейф аль-Ислам Ливиядагы куралдуу козголоң учурунда адамзатка каршы кылмыш кылган деп айыпталууда. Айыпты Гаага соту таккан, бирок сот жараяны өз мекенинде өтүп жатат.

Айша соттон агасына байланыштуу каралып жаткан иште Ливиянын жаңы бийликтери чет элдик жактоочуларды киргизбей жатканын айткан.

Сот бул арызды четке каккан себебин соттук эрежелерге кайчы келет деп кыска тушүндүргөн.