“Бул футбол эмес, бул согуш!”

Published

Египет Куралдуу күчтөрүнүн жогорку кеңеши өлкө боюнча үч күндүк аза күтүү жарыялады. 1-февралда Порт-Саид шаарындагы стадиондо футболдук беттешүү учурунда болгон баш-аламандыктардан 70 тен ашуун киши каза тапкан.

Футбол күйөрмандарынын ортосундагы кагылышуу Порт-Саиддик “Аль-Масри” клубу менен Каирдин эң таанымал “Аль-Ахли” клубунун ортосунда жүрүп жаткан бетешүү бүтуп жаткан учурда дүрт алган.

Маалыматтарда айтылгандай жергиликтүү клуб 3-1 эсебинде жеңип жаткан учурда Каирдик клубдун күйөрмандары экинчи тарапка орой, кордогон сөздү жазып транспарант көтөрүп турган. Бул кагылышууларга себеп болду деп айтылууда. Бетешүү соңунда “Аль-Масри” клубунун стадионго чуркап чыккан күйөрмандары жеңилген команданын оюнчуларына жана күйөрмандарына кол салышкан.

Египет бийлиги 74 киши каза тапкандан тышкары кагылыштан дагы жүздөгөн кишилер жаракат алганын айтууда. Ушул эле күнү Каирдеги башка бетешүү учурунда футбол күйөрмандары стадиондун бир бөлүгүнө өрт коюуп жиберишкен.

Бул окуяга спорт чөйрөсү, футбол жетекчилер кабатырлануусун билдирди. ФИФАнын Президенти Йозеф Блаттер: «Бул футбол тарыхындагы кара так болгон күн. Футболдук бетешүүдөн кийин ушунча киши каза тапты дегенге мен эңшерилип турам. Мындай капсалаңдуу окуяны эч нерсе менен салыштыруу мүмкүн эмес» деп айтты.

Бул окуялардан кийин "Аль-Ахлинин» оюнчуларынын бири Мохаммед Або Трейка: “Бул футбол эмес. Согуш! Биздин көз алдыбызда канча кишилер курман болду” деп билдирди.

Соңку окуялардан кийин Египеттин футбол федерациясы Премьер-лиганын мелдештерин белгисиз мөөнөткө жылдырды.