Түндүк Корея Ким Чен Ирге алп эстелик тургузду

Сүрөттүн булагы, AFP
Жыл соңунда көз жумган Түндүк Корея лидери Ким Чен Ирдин жетимиш жылдыгына карата алп эстелик тургузулду. Коло эстеликте Ким Чен Ирдин атасы Ким Ир Сен экөө ат минип турганы чагылдырылган.
Бул 2011-жылдын декабрь айында көз жумган Түндүк Корея лидерине арнап коюлган биринчи эстелик деп каралууда. Кабарчылар ал көзү тирүү кезинде өзүнө эстелик тургузууга каршы болгон деп айтышат.
Алты метрдик эстеликтер гранит таштан жасалган постаменттин үстүнө орнотулган. Эстеликтин ачылыш аземине Түндүк Кореянын жогорку аскерий жана саясий жетекчилери катышты. Бирок, азыркы лидер Ким Чен Ын атасынын эстелигин ачууга келген эмес.
Ким Чен Ир 17-декабрда жүрөгү кармап көз жумгандан бери анын элесин түбөлүк сактоо арналган бир катар иш-чаралар орун алган.
Анын ичинде, мурдагы лидердин атын тоонунун бетине жазуу, анын ысымындагы атын жана күмүш медалдарды чыгаруу жана почта маркаларын басуу сыяктуу аракеттер болду.
Би-Би-Синин Сеулдагы кабарчысынын айтымында, Ким Чен Ир өзү мындай эстеликтерди тургузууга ар дайым каршы чыгып келген. Кабарчылар ал 1999-жылы жакын чөйрөсүнө кайрылып, элдин жашоо-турмушу оңолмоюнча, өзүнө сыйынууга тыюу салганын айтып жүрүшөт.
16-февраль мурдагы лидердин туулган күнү. Түндүк Корея анын 70 жылдыгын белгилөөгө даярданууда. Бул датага карата Ким Чен Ирге эстелик тургузуудан тышкары, генералиссимус деген наам ыйгарышты.
Мындай аскерий бийик наамды буга чейин анын атасы, Түндүк Кореянын негиздөөчүсү Ким Ир Сен гана алган.




























