Кабулдун четиндеги отелде барымтага алынгандар бошотулду

Коопсуздук күчтөрү барымтадагыларды бошотту, бирок бул операция кишилей жоготуулар менен коштолду
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коопсуздук күчтөрү барымтадагыларды бошотту, бирок бул операция кишилей жоготуулар менен коштолду
Published

Талибан куралчандары Кабулдун четиндеги отелге кол салып, Афганистандагы коопсуздук кызматы менен атышуулардан кийин барымтага алынган кишилер бошотулду. Окуяда кеминде он беш жөнөкөй киши, барымтачылардын төртөө, үч күзөтчү жана бир полиция өкүлү көз жумганы айтылууда.

Жергиликтүү бийликтин айтымында гранатамёт жана пулемёттор менен куралданган согушкерлер, Афганистандын баш калаасынын четиндеги Карга көлүнүн жээгинде жайгашкан “Спожмай” аттуу отелге кол салышкан.

Афган коопсуздук күчтөрү жүргүзгөн операциянын натыйжасында барымтадагы 18 киши бошотулганы айтылган. Кагылышууларда жөнөкөй тургундар дагы көз жумганы кабарланууда.

Расмийлер тараткан маалыматка караганда, Талибан кабулдуктардын эс алуу аймагы деп саналган бул аймакка бейшемби күнү кечинде кол салган. Андан көп өтпөй полиция отелди курчоого алган.

Айрым кабарларга караганда, отелдин ичиндегилер барымтадан бошонуп чыгуу үчүн анын терезесинен секирип түшүшкөнү айтылууда.

Талибан өкүлү Рейтер агенттигине берген маегинде, бул отель чет элдиктердин жана бай афгандыктардын “шаан-шөкөттүү олтуруштарынын” чордону болуп калгандыктан бутага алынган.

Соңку учурлары Афганистандагы согушкерлердин аракеттери жанданганы байкалууда. Акыркы бир апта ичинде эле Талибандын колунан үч америкалык жана жыйырма афгандык мерт болгон.