Египеттин жаңы лидери аныкталды

Published

“Мусулман агайындар” ислам кыймылынын лидери Мохаммед Мурси Египеттеги президенттик шайлоодон жеңүүчү деп жарыяланып, жаңы лидер калкын улуттук биримдикке чакырды.

Мурсинин жактоочулары жеңишин белгилөөдө
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мурсинин жактоочулары жеңишин белгилөөдө

Египет шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда 60 жаштагы Мурси 13 млн 230 миң добуш алган, башкача айтканда, жалпы шайлоочулардын 51. 7 пайызына ээ болгон. Шайлоонун 2 турунда анын атаандашы, Хосни Мубарак президенттикте турган учурда премьер министрлик посту ээлеп келген Ахмед Шафик 48 пайыздык добушка жетишкен.

Көптөгөн өлкө лидерлери жаңы президентти куттуктады. АКШ Египеттеги соңку шайлоолорду демократияга карай жакшы жылыш катары баалады.

Шайлоолордун жыйынтыгы 24-июнда Тахрир аянтында түз эфирде жарыяланды. Миңдеген Мурсинин жактоочулары бул кабарды кубаттоо менен кабыл алышты. Бир нече сааттан кийин Мурси калк алдына чыгып, дүйнөдөгү бардык египеттиктердин президенти болууга убада кылды.

-“Мен бүтүндөй калкты чакырам, улуттук биримдикти чыңдоо керек”, - деди Мурси. Ал азыркыдай оор кырдаалдан чыгунун бирден-бир жолу биримдик экенин белгиледи.

Мурси өз сөзүндө кудайга тобо келтирүү менен, анын жеңиши үчүн “кан төккөн, жаш төккөн, курмандыкка барган” өлкө жарандарына ыраазчылык билдирди.

Би-Би-Синин Каирдеги кабарчысы билдиргендей, Мохаммед Мурсинин бийликке келиши менен Египетте чоң өзгөрүүлөр болушу күтүлүүдө. Мурдагы бийлик учурунда Мурсинин кыймылынын мүчөлөрү камалып, куугунтукталып келсе, эми бийлик башына өз лидери келип отурат. Ал эми Мурсинин атаандашы Шафик утулганын моюндап, Мурсини куттуктады.