Түркия: Сирия аймактагы коопсуздук үчүн жооптуу

Сирия Түркиянын F-4 "Фантом" учагын атып түшүрдү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сирия Түркиянын F-4 "Фантом" учагын атып түшүрдү
Published

22-июнда орун алган бул окуяга байланыштуу Түркиянын билдирүүсү коопсуздук кеңешинин 26-июнга болжонгон жыйынынын алдында жарыяланды.

Анкара мындан тышкары, Сириянын аба күчтөрү кулаган учакты издеп жүргөн Түркиянын башка учагын да аткылаганын билдирүүдө. Түркиянын вице-премьер-министри Бюлент Арынчтын айтымында, экинчи учак атып түшүрүлгөн эмес. “Бул үчүн Сирия өз жазасын алаарын, бирок, Түркиянын согуш ачуу ниети жок” экенин билдирди.

Сирия тараптын билдирүүсүндө, атып түшүрүлгөн учак Сириянын аба мейкинине кирген жерден аткылоого алынган. Сириянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жихад Мактиси учактын кулап түшкөн жери бул билдирүүнүн чын экенин далилдээрин айтты.

Жакынкы күндөрү Анкара Сирияга электрэнергия берүүнү токтотуу маселесин карамакчы. Буга чейин гуманитардык жардам иретинде бул маселе каралбай келгени айтылууда.

Учактын калдыктарын издөө иштери уланууда, бирок, эки учкучтун тирүү калышы арсар.

НАТОго мүчө өлкөлөр Сириянын аракетин сынга алып, кезексиз жыйын чакырды. Би-Би-Синин Анкарадагы кабарчысы билдиргендей, Анкара шериктештеринен кубаттуу дипломатиялык колдоо алууга үмүттөнүүдө. Дүйшөмбү күнү Европа шериктештигинин тышкы саясат боюнча координатору Кэтрин Эштон Түркияны сабырдуулукка чакырган.