Австралия жээктеринен мигранттар бар кеме чөгүп кетти

Published

Австралиянын түндүк тарабындагы Рождество аралына жакын жерден бир аптада экинчи жолу мигранттары менен кеме чөгүп кетти. Бортто болжол менен Афганистандык 133 мигрант болгон. Кырсыкка кабылган кеме шаршемби күнү эртең менен шашылыш белги берген.

Ушул тапта кеминде 123 адамды сактап калууга мүмкүн болду. Чөгүп кеткен кеменин жанында эки соода корабли болгон, алар тезинен жардамга келип, тирүү калгандарды куткарып калышкан. Мындан тышкары кырсык болгон жерге эки куткаруучу кеме жана издөө үчүн учагы жөнөтүлдү.

Рождество аралы Австралиянын түндүк-батыш жагында орун алган, ал жерден Индонезияга жакын. Андыктан бул аралга мигранттардын агымы чоң.

Өткөн бейшемби күнү ушул эле аймакта 200 мигранты менен дагы бир кеме кырсыкка учураган. 17 адамдын сөөгү табылып, 110 адам куткарылган. 70 адам дайынсыз. Аларды издөө иштери ишемби күнү токтотулган болчу. Мигранттар адатта абалы начар кемелерге ашык санда түшүп алып, кырсык коркунучуна кабылышууда.