Пакистанда куранды өрттөдү деп шектелген кишини өрттөп жиберишти

Published

Пакистанда куранды өрттөгөн деп шектелген адамды нааразы болгон топ өрттөп жибергенин полиция билдирди. Шектүү адамды полиция бөлүмүндө кармалып турган жеринен күч менен чыгарып кетишкен.

Окуя Пенжаб штатынын Пакистандагы бөлүгүндө жайгашкан Бахавалпур шаарында орун алган.

Күбөлөрдүн айтымында, наарзы топ шектүү адамдын үстүнө бензин чачып туруп өрттөп жиберишкен. Өрттөнүп жаткан киши жардам сурап кыйкырып жатканда маалда жүздөгөн адамдар көз салып турушкан.

Пакистанда кудайга шек келтиргендер өлүм жазасына тартылат. Бирок жазанын бул оор түрү чанда гана колдонулат.

Полициянын айтымында, куранды өрттөдү деп шектелген киши жергиликтүү тургундардын көрсөтмөсүнүн негизинде кармалган.

Аз өтпөй эле полиция бөлүмүнө миндеген нааразы адамдар топтолуп, полиция бул ишти иликтөөгө дагы үлгүргөн эмес.

"Шектүү кишини алардын көз алдында жазалоону талап кылышты. Болбосо күч менен алып кетип өзүбүз өлтүрөбүз дешти”, - деп айтып берди полиция инспектору Гулам Мохиуддин Би-Би-Сиге берген маегинде.

Полиция бөлүмүн чабуулга алган нааразы топту тынчтандыруу аракеттеринен майнап чыккан эмес. Полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Бир канча полиция кызматкерлери жарат алган.

Адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. Бирок азырынча эч ким кармала элек.