Аргентинада мурдагы эки аскерий лидер балдарды саткан деп соттолду

Буэнос-Айрестеги сот Хорхе Виделуну 50 жылга, ал эми Рейнальдо Биньонду 15 жылга эркинен ажыратты.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Буэнос-Айрестеги сот Хорхе Виделуну 50 жылга, ал эми Рейнальдо Биньонду 15 жылга эркинен ажыратты.
Published

Аргентинада 1976-83-жылдары өлкөнү жетектеген аскерий төңкөрүшчүлөрдүн эки өкүлү саясий туткундардын балдардын саткан деген айып менен күнөөлүү деп табылды.

Буэнос-Айрестеги сот Хорхе Виделуну 50 жылга, ал эми Рейнальдо Биньонду 15 жылга эркинен ажыратты. Бул эки киши Аргентинадагы диктатуралык режимдин тушундагы кылмыштары үчүн деген айыптар менен ансыз деле узак мөөнөттүү убак жазаларын өтөп жатышкан.

Соттун өкүмү угулганда уурдалып кеткен наристелердин ата-энелери жана жактоочулары плакаттарды көтөрүп, кол чабуулар менен коштоп турушту.

Соттун өкүмү угулганда уурдалып кеткен наристелердин ата-энелери жана жактоочулары плакаттарды көтөрүп, кол чабуулар менен коштоп турушту.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соттун өкүмү угулганда уурдалып кеткен наристелердин ата-энелери жана жактоочулары плакаттарды көтөрүп, кол чабуулар менен коштоп турушту.

Прокурорлордун айтымында, төңкөрушчүлөр башкарган жылдары сот өкүмүсүз камалган ата-энелердин 400дөн ашуун баласы тартып алынган. 2011-жылдын февраль айынан бери жүрүп келе жаткан сот процессине бардыгы болуп 11 киши, көпчүлүгү аскерий жана полиция өкүлдөрү тартылган.

Алардын экөө акталган. Калгандарына болсо, "он жаштан төмөнкү балдарды системалык түрдө уурдаган жана саткан" деген айыптар тагылууда.

Иликтөөчүлөр бул балдар негизинен коңшу өлкөлөргө, полиция же аскерий үй-бүлөлөргө сатылганын, жана алардын кыйласы чоңойгондо да, өзүнүн чыныгы ата-энеси жөнүндө маалыматтарды билбей калганын айтышууда.