Сирия маселесинде Россия менен Кытайга кысым күчөдү
Сириядагы кырдаалга арналган жолугушууда АКШнын мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон Россия менен Кытайдан президент Башар Асадын режимин колдоону токтотууну талап кылды. Ал Асад менен союздаш болуудан Москва менен Пекин эчтеке утпайт деп айтты.
Сириядагы кан төгүүлөрдү токтотуу жолдорун талкуулоо үчүн Парижде жүздөн ашык өлкөнүн өкүлдөрү чогулду.

Сүрөттүн булагы, AFP
“Сириянын достору” жолугушуусун ачып жатып Франциянын президенти Франсуа Олланд Жакынкы Чыгыштын бул өлкөсүндөгү кризис бүт дүйнөгө жана эл аралык коопсуздукка коркунуч жаратып жатканын белгиледи.
Бейшембиде сириялык режимдин ири ишмерлеринин бирөөсүнүн Түркияга качканы белгилүү болду. Сириянын мамлекеттик Syriasteps интернет-сайты бригадалык генерал Манаф Тлас “качып кеткенин”, бирок аны “анчалык маанилүү адам” эмес деп кабарлады.
Башка булактар Би-би-сиге бул фактыны ырастады, бирок анын саясий баш паанек сураганы так боло элек. Эгер ошондой экени анык болсо, анда бул генерал Асаддын көтөрүлүш башталгандан кийин каршылаш тарапка өткөн чоң кызматтагы биринчи жакын адамы болуп калат.
Март айында аскерден качкындар жөнүндө көп сөз айтылып, бирок ырасталган эмес эле.
Көп аракет керек
Париждеги жолугушуу Тунис менен Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн уландысы болуп саналат, ал сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары Асаддын режимине каршы катаң санкцияларды киргизүүгө чакырышкан.
Бул жолу дагы АКШ менен батыш өлкөлөрү Персия булуңундагы өлкөлөрдү глобалдык санкцияларды кабыл алуу үчүн аракеттерин күчөтмөкчү болууда.
Сирия президенти Башара Асаддын башкы союздаштары болуп саналган Россия менен Кытайдын өкүлдөрү бул жолугушууга келишкен жок.
Бууну дипломаттары Сириядагы коммерциялык ишкердикти чектөөгө чакырган документтин үстүнөн иштеп жатышат, ал эгер Асад БУУнун атайын чабарманы Кофи Аннандын тынчтык планын аткарбай койгон учурда керектелиши мүмкүн.
Аннан өз кезегинде Сирияда Өткөөл Өкмөттү түзүүнү сунуш кылууда, ага президент Башар Асад менен оппозициянын тарапкерлери да кириши керек болот.
Сириялык активисттердин маалыматы боюнча 2011-жылдын мартынан бери өкмөткө каршы акцияларда он беш миңден ашык адам курман болду.




























