Экс-элчи: «Асаддын режими химиялык курал колдонуудан кайра тартпайт"

Published

Сириядагы оппозицияга өткөн мурдагы чоң кызматтагы саясатчы Башар Асаддын режими эгер туюкка кептелип кала турган болсо химиялык куралды колдонуудан кайра тартпай турганын Би-Би-Сиге билдирди.

Сириянын Ирактагы мурдагы элчиcи Наваф Фарестин айтымында, расмий түрдө такталбаган маалыматтар боюнча мындай куралдар мурда колдонулган болушу да мүмкүн. Ал Сириядагы негизги жардырууларды бийлик Аль-Каида менен чогуу-чаран жасаган деп айтты.

Ал аңгыча шейшембиде БУУнун жана араб өлкөлөрүнүн лигасынын чабарманы Кофи Аннан Сирия маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Россиянын президенти Владимир Путин менен жолуккан жатат.

Россия Сириянын маанилүү союздашы болуп саналат, ошол себептүү жолугушуу Башар Асадка катуу чараларды көрүү жөнүндө эл аралык коомчулуктун талабы күчөп турган шартта өтүп жатат.

Сирияда өткөн жылы мартта башталган каршылыктан кийин жарандык согуш болуп жатат деп эсептерин Эл аралык кызыл чырым комитети билдирди.

Ушул жумада БУУнун миссиясынын мандатынын мөөнөтү аяктайт, аны узартуу үчүн Коопсуздук Кеңешинин чечими керек.

Фарестин айтымында президент Башар Асад бийликти сыйы менен өткөзүп бербейт. Экс-элчи Асад бийликте калуу үчүн Асад күчүнүн барынча кармашат, "керек болсо бул үчүн Сириянын бүт элин садага чаап жибергенге барат”.

Фарес Сирияда Асаддын бийлигини каршы көтөррүлүш башталганда эле бийликтен оппозицияга өткөн саясатчы. Экс-дипломат Баас партиясында, коопсуздук органдарында жетекчилик кызматтарда иштеген, бир катар аймактарда губернатор болуп иштеген.

"Жарадар карышкыр"

Сирияда химиялык куралдын орчундуу камылгасы бар экени мурдатан белгилүү. Бул куралдын канчалык коопсуз сакталып турганы боюнча коңшу өлкөлөрдүн тынчсыздануусу токтой элек.

Президент Асад химиялык куралды оппозицияга каршы колдонушу мүмкүнбү деген суроого Фарес Асадды “бурчка камалган жарадар карышкыр” катары сүрөттөп, анын бул ишке баруудан кайра тартпайт деп жооп айтты.

"Химиялык курал Хамс шаарында колдонулганы жөнундө расмий такталбаган маалыматтар бар", -деп айтты элчи, – Башар Асаддын режими айласы куруган учурда, ал бул куралды алып чыгат”.

Сирияда кан төгүлгөн кармаш окуялар уланууда, салгылашуулар борбор шаар Дамасскка жеткени, бул жакта жакшы куралданган жана уюшкан көтөрүлүшчүлөр менен өкмөттүк аскерлер салгылашып жатканы жөнундө маалыматтар келүүдө.

Күбөлөрдүн айтымында, борбор шаар буга чейин болуп көрбөгөндөй сандагы аскерге толуп кетти.

Оппозициянын активисттери көтөрүлүшчүлөр коргонуп жаткан шаардын Мидан районуна өкмөттүк аскерлер бронетехника менен кирип барганын айтышууда.