Сириянын коргоо министри жанкечтинин жардыруусунда ажал тапты

Published

Сириянын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн маалыматына караганда коргоо министри Дауд Раджиха Дамаскиде улуттук коопсуздук кызматынын штаб-квартирасынын жанында жанкечти террорчу жасаган жардырууда курман болду.

Жардыруу министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кеңешме куруп жатканда болгон. Бир нече адам жарадар болгону айтылууда.

Роуд районунда жайгашкан Улуттук коопсуздук кызматына барчу жолдун баары бөгөлүп турат.

Көтөрүлүшчүлөр Сириянын борбор шаарында ири согуштук операция башташканын билдиришүүдө.

Сириянын расмий бийликтери өз кезегинде согуштук аракеттердин масштабы ашыкча айтылып жатканын белгилешүүдө.

БУУнун өкүлдөрү шаршембиде Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Сирияга эл аралык санкцияларды киргизүү маселеси боюнча добуш берилер алдында Россия менен Кытайды Башар Асаддын режимине каршы катуурак чараларды көрүүгө көндүрүүгө аракет кылышууда.

БУУнун жана Араб өлкөлөрүнүн лигасынын атайын өкүлү Кофи Аннан Москвада президент Путин менен жолугуп сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Ал эми БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Бээжинде Кытайдын президенти Ху Жинтао менен жолукту.

БУУ жума күнгө чейин Сириядагы эл аралык байкоочулардын мандатынын мөөнөтүн узартып бериши керек, бул маселе боюнча добуш берүү шаршембиде БУУнун штаб-квартирасында болот.