Сириялык оппозиция чек ара бекеттерин басып алды

Published

Сирия оппозициясынын согушкерлери Иррак жана Түркия менен чек арадагы бир катар чек ара бекеттерин басып алышты.

Ирактын ИИМ башчысынын орун басары Аднан аль-Асади Сирия-Ирак чек арасындагы бардык бекеттер көтөрүлүшчүлөр тарабынан башкарылып жатканын билдирди.

Сириялык көтөрүлүшчүлөр чек ара бекеттерине чейин кирип барышты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сириялык көтөрүлүшчүлөр чек ара бекеттерине чейин кирип барышты

Сириялык оппозициянын куралдуу отряддары ошондой эле Түркия менен чек арадагы Сармаду жана Баб Хаваны да басып алышканы айтылууда. Бирок кийинки кабарларда Баб Хава алынбагандыгы белгилүү болду.

Би-би-синин коңшулаш Ливандагы кабарчысы Джим Мюирдин баамында, Сириянын бийликтери негизинен бардык күчтү Дамаскка топтоп жаткандыктан, оппозициянын согушкерлери чек араларга чабуул жасап жаткандай.

Алыскы чек ара бекеттеринин биринде, Ирак бийликтеринин маалыматы боюнча, көтөрүлүшчүлөр 20 сириялык аскерди өлтүрүштү.

Ирактын бийликтери куралдуу топтордун өлкөнүн ичине тереңдеп киришине жол бербеш үчүн күчөтүлгөн коопсуздук чараларын көрүүдө.

России менен Кытайдын каршылыгы

Россия менен Кытай Сирияга катуу санкцияларды киргизүү жөнүндө батыш өлкөлөрү сунуштаган резолюцияга вет коюшту. Ушуну менен Россия жана Кытай вет коюу укугун Сирия боюнча эки жолу пайдаланышты

Улуу Британия, АКШ жана Франция БУУ Сириянын калкынын үмүтүн актаган жок деп билдиришти.

Добуш берүү шаршембиде болушу керек эле, бирок Сирия боюнча эл аралык чабарман Кофи Аннан эл аралык консенсуска жетишүү үчүн аны бейшембиге чейин токтотуп турууну өтүнгөн.

Россия менен Кытай вето коюу укугун Сирия боюнча ушуну менен эки жолу пайдаланышты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Россия менен Кытай вето коюу укугун Сирия боюнча ушуну менен эки жолу пайдаланышты

Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле: «Москва менен Пекин дагы эле шек саноодон арыла элек, ал эми ошол убакта адамдар өлүүдө. Муну сындаш керек»,-деп билдирди.

Россия менен Китай вет коюу укугун Сирия маселесинде эки жолу пайдаланышты. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг бул чечимди айыптап, аны “кечиримсиз жана жараксыз иш” деп атады.

Батыш сунуштаган план боюнча, БУУнун Уставынын жетинчи главасына ылайык, Дамаскка ар кандай дипломатиялык жана экономикалык санкциялар киргизилмек, атап айтканда экономикалык катаң чаралар, ошондой эле эгер аскерлер жана оор куралдар калктуу пункттардан чыгарылып кетпесе, керек болсо күч колдонуу дагы каралган.

БУУнун Уставынын жетинчи главасын мындай чечмелөө Россияга жаккан жок. Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркиндин айтымында, бул “Сириянын ички иштерине сырттан кийлигишүүгө жол ачканга алып келет».

Бирок АКШнын БУУдагы өкүлү Сьюзан Райс өз кезегинде аскердик кийлигишүү жөнүндө чочулоолордо “паранойинин белгиси бар жана ал эки жүздүүлүктүн көрүнүшү» деп эсептейт.

Коопсуздук Кеңешинде Сириядагы байкоочу миссиянын мандатын узартуу маселеси чечилиши керек, анын мөөнөтү жума күнү бүтөт. Улуу Британия өтпөй калган резолюциянын текстине мандатты “акыркы отуз күнгө” узартуу жөнүндө сунуш берүүдө.