Лондон Олимпиада оюндарынын ачылышына даяр

Сүрөттүн булагы, AFP
Лондондогу Олимпиада оюндарынын расмий ачылуу аземине бир нече гана саат калды. Бирок даярдык үчүн жети жыл кетти.
Ачылуу аземи үч саатка созулуп, дүйнө жүзү боюнча миллиарддаган адамдар түз эфирден көрөт. Олимп оту ачылыш аземге Британ королевасынын Gloriana аттуу кайыгы менен барат. Андан кийин ал Олимпиада стадионунда 16 күн бою өчпөй күйүп турат. Британ бийлиги оюндардын коопсуздугуна байланыштуу абдан катуу чараларды көрүштү.
Лондон убактысы менен кечки саат 21:00дө 42 миллиондон ашуун акча корогон Олимпиада ачылат. Алгач ал Европадагы эң ири Чоң Бэн саатынын коңгуроосунун ачылуусу менен башталат. Ага 10 миңден ашуун волонтер катышып, Британ жашоо образын чагылдырган спектакль болот.
Сахна 15 миң чарчы метрди ээлеп, 12 956 декорация, бир миллион ваттык үн катуулаткыч жана 500 динамика колдонулат.
Стадиондо 80 миңдей адам болуп, алардын ичинде Королева Елизаветта II жана көптөгөн өлкөлөрдүн лидерлери да келет.
Сый тамак жана концерттер
Жума күнү эртең менен баасы 3158 жана 2511 доллар турган ачылыш аземдин билеттерин алса болору айтылган. Бул күнү Олимп оту Хэмптон-кортко жетип, андан соң Темза менен Лондондун чыгыш тарабындагы мэриянын имаратына алып барышат.
Эстафета кечинде Олимп стадионундагы чоң табактагы отту күйгүзүү менен бүтөт. Отту акыркы ирет ким алып жүрөрү али сыр бойдон.
Ачылыш аземдин алдында Бакингем сарайында четэлдик лидерлер менен өлкө башчыларына арналган сый тамак берилет.
Гайд-паркта Snow Patrol, Stereophonics, Duran Duran жана Paolo Nutini сыяктуу топтор менен атактуу жылдыздар катышкан чоң концерт болот. Спорттук таймаштар ушул аптанын шаршембисинде аялдардын футболу менен башталган.
Мындан тышкары:
Лондон таксилеринин айдоочулары Олимпиаданын VIP (сыйлуу) катышуучулары үчүн бөлүнгөн жол тилкесин колдонууга тыюу салгандарына байланыштуу каршылык акциясына чыгышат. Лондон убактысы менен эртең мененки саат 8:12де өлкөдөгү бардык коңгуроолор какты. Ал эми Чоң Бэн сааты Король Жорж VI өлгөндөн бери биринчи жолу 40 жолу урду. Бейшемби күнү кечинде 60 миңдей адам Гайд-паркта чогулуп, Олимп отунун жардамы менен атайын табактагы от күйдү.
Лондон шаар башчысы Борис Жонсон сөз сүйлөдү. Лондон шаар башчысы АКШнын президенттигине талапкер Митт Ромнини сынга алды. Ал Лондон шаары Олимпиада өткөрө албайт деп чыккан эле. Олимпиадага 204 өлкөдөн 10 миңдей спортчу катышат. Британ өкмөтү Олимпиадага 14 миллион доллар каржады.




























