
Эбегейсиз калың кара куюн Кошмо штаттардын Оклахома штатынын четин каптап өтүп, көп сандаган курмандыктарды жана кыйроолорду алып келди. Бери дегенде 24 адам, анын ичинде жети бала курман болду. Мурдакы кабарларда токсондон ашык адам набыт болду деп айтылып жаткан.
Куткаруучулар урандылардын аңтарып, тирүү калгандарды издөөнү улантышууда. Саатына үч чакырым ылдамдык менен учкан кара куюн токой менен металдарды аралаштырып сапырып ыргытты. Президент Обама кырсык болгон райондорго федералдык жардам жеткирүүнү убада кылды.
Паула Уод Торнадо учурунда Мур шаарчасында иштеп жаткан, ал үрөй учурган көрүнүш анын жанында эле болгонун айтууда:
"Биз сыртка чыгып, коргонуучу жайга киргени баратып, аркабыздан эбегейсиз чоң уюлгуган нерсени көрдүк. Мен болжол менен андан үч мил аралыкта болдук го деп ойлойм. Биз чыкканда уюлгуган кара булут түз эле биздин имаратка келип, бир айланып, андан ары түндүккө бет алды. Биз ошондо андан бир эле мил аралыкта болдук. Биз коргонуучу жайдан чыкканда бардыгы астын үстүн болуп жатыптыр, короодогу автонуаалар бүт кыйраптыр. Топурак, темир-тесек баары аралашып калыптыр".
Кырсыкта жабыркаган ондогон адамдар ооруканага жаткырылды. Аталган штатта чукул кырдаал киргизилди.




