BBC

BBC navigation

Түркия: Стамбул түнкү тополоңдон эсин жыюуда

Соңку жаңыланышы: 3-июнь, 2013 - 09:05 GMT

Стамбулдагы түнкү тополоңдо он миңдей адам болду.

Стамбулдун эски райондорунун бири Бешикташта каршылык акциясына чыккандар менен полициянын кагылышы өткөн жумада башталган толкундоолордун эң кандуу учуру болуп калды.

Мечиттерди, дүкөндөрдү жана жакын жайгашкан университеттин имараттарын жаракат алгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн пайдаланышты.

Каршылык акциясынын катышуучулары түн ичинде көпүрөлөрдү бузуп, андан баррикада куруп жатышты. Полиция көздөн жаш агызуучу газ менен аткылады.

Би-би-синин Стамбулдагы кабарчысы Луиз Гринвуддун айтымында, көптөгөн демонстранттарды газга окшуп кусуп, кээ бирлери катуу жөтөлүп жатышты.

Түнкү тополоңдо он миңдей адам болгону айтылууда.

Бийликтин маалыматына караганда, эки күндүн ичинде өлкөдө 67 шаарда 1700 адам камакка алынды.

Жекшембиде Ак үй каршылашкан тараптарды тил табышууга чакырып, ошол эле учурда тынчтык жыйындары демократиялык коомдун бир бөлүгү экенин Түркиянын бийликтерине эскертти.

Бирок премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган каршылык акциясынын катышуучуларын «демократиялык негиздерди "деп айыптады.

Эрдоган оппозициянын анын өкмөтү авторитардык жана исламчыл деген сын дооматтарын четке кагып, анын Акыйкат жана өнүктүрүү партиясынын жетекчилиги алдында Түркия көп экономикалык ийгиликтерге жетишкенин жүйөө койду.

Премьердин ишениминде, каршылык акцияларынын артында чет өлкөдөн тукурук алган маргиналдык топтор турат.

Тектеш темалар

BBC © 2014Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.