BBC

BBC navigation

Сириянын бийлиги Кусейр шаарын толук каратып алганын билдирди

Соңку жаңыланышы: 5-июнь, 2013 - 07:49 GMT

Башар Асаддын Кусейр шаарын каратып алган күчтөрү

Сириянын бийликтери стратегиялык мааниси чоң Кусейр шаарын толугу менен каратып алганын билдирүүдө. Ливан менен чектеш турган бул шаар куралдуу оппозициянын башкы тиреги болуп келген.

"Биздин эр жүрөк куралдуу күчтөрүбүз Кусейрдин бүт райондорун өз колуна алды", - деп айтылат Сириянын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн кабарында.

Кусейр шаары үчүн айыгышкан салгылашуулар эки жумадан бери болуп жаткан.

Бул шаарга ээлик кылуу Ливан менен Сириянын ортосундагы бардык маанилүү жолдорду көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк берет.

Тектеш темалар

BBC © 2014Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.