Хюман Райтс Уотч уюму Индияда өкмөттүн бардык телефон жана интернет байланыштарына байкоо салуу системасы жеке турмушка жана сөз эркиндигине коркунуч келтирет деп билдирүүдө. Аталган уюмдун билдирүүсүндө Индияда адамдарды мындай сырткы кийлигишүүлөрдөн коргоп калуу кыйын экенин айтылат.

Телефон байланышы менен менен Интернеттин үстүнөн байкоо салуу системасы Индиянын өкмөтүнө чоң мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө. Бийликтегилер эми Интернетте ким отурганын, алардын телефон сүйлөшүүлөрүн, жазган тексттерин, ал түгүл социалдык түйүндөгү сөздөрүнө чейин биле алат.
Бирок бул система Индияда жеке турмушка жана интернет эркиндигине коркунуч туудурат деген сындар айтылууда. Хюман Райтс Уотч уюмунун отчетунда буга окшогон көзөмөл системаларын дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү өкмөттөр да колдонуп жатканы, анын сынчыларга, журналисттерге жана адам укуктарын коргоочуларга каршы коюлушу мүмкүн экенин белгилейт.
Индия өз кезегинде мындай көзөмөл кылуу улуттук коопсуздукту жакшыртаарын белгилеп, Интернет менен телефонго байланыштуу иштердин баары мыйзамдуу болот деп жатат.
Бирок соңку учурда социалдык түйүндө же башка интернет сайттарда ой-пикирин жазган адамдардын камалган учурлары болгондуктан, өкмөткө ишенбөөчүлүк болууда. Сындагандар өкмөт өзүнүн кызыкчылыган көздөп, кыянат иштерге барышы мүмкүн деп чочулап жатышат.




