Катардын эмири шейх Хамад бийликти баласына өткөрүп берерин жарыя кылды

Published

Хамад мамлекеттик телеканал аркылуу чыгып сүйлөп, жаштарга жол бере турган мезгил келгенин билдирди. Кабарчылар Катардын эмиринин чечимин Чыгыш өлкөлөрүндө болуп көрбөгөн окуя катары белгилеп жатышат. Анткени адатта Жакынкы чыгыштагы көп мамлекеттерде башкаруучулар бөкчөйүп карыганга чейин бийликтен кетишпейт.

Ошентип, Катардын шейх Хамаддын бийлиги астындагы доору аяктады. Шейх Хамад бийликти 1995-жылы атасынан тартып алып, ошондон бери чакан мамлекетти колунан чыгарбай бекем башкарып, аны Персия булуңундагы таасирлүү мамлекетке айландырды.

Мунайзат жана газ байлыктары өлкөнүн ички жана сырткы таасирин күчөтүү иштерине жумшалды. Эл аралык валюта фондунун маалыматына караганда, Катар дүйнөдө ички дүң продуктунун көрсөткүчү жан башына эсептегенде эң жогору келген өлкө.

Башка араб өлкөлөрү Батыш менен байланышкандан чочуп, акыры “араб жазы” аталган окуялар башына келди, ал эми шейх Хамаддын башкаруусу астында Катар АКШ менен кызматташтыкты кеңейтип, өлкөнүн эл аралык аренадагы таасирин күчөттү.

Бирок Катар ошол эле учурда башка араб өлкөлөрүндөгү козголоңчулар кыймылын каржылады. Мисалы, Ливияда ошондой болду, азыр Сирияда дагы ушундай көрүнүш болуп жатат.

Бул региондо чыңалуу жарата турган исламдык коркунуч жөнүндө кабатыр билдирүүлөр четте калды. Дохадагы эл аралык жана региондук изилдөөлөр институтунун директору профессор Мехрана Камраванын айтымында, шейх Хамаддын 18 жылдык башкаруусунан кийин Катардын эмне болоруна дүйнө кунт коюу менен көз салат.

Жаңы эмирдин келиши менен өлкөнүн тышкы саясатында чукул өзгөрүүлөр болот деп эч ким күткөн жок. Тамим шейх Хамаддын 24 баласынын ичинен эң ылайыктуу мураскор катары тандалып алынды. Бул 33 жаштагы башкаруучу атасынан калган мурас тажрыйбага таянып, дүйнөдө орчундуу каржылык жана саясий таасирге ээ болмокчу.