Обама: Климаттык өзгөрүүгө каршы күрөшөлү

АКШнын президенти Барак Обама Американын климаттык өзгөрүүгө каршы иш-аракеттеринин жаңы планын жарыялады. Анда энергия станцияларындагы булганыч газды ооздуктап, “жашыл” же таза энергия алуу технологиясын өнүктүрүү сунуштары бар. Обама мунун менен ал келечектеги муунга оорукчан планетаны өткөрүп берүүнү каалабай турганын белгилеп, климаттык өзгөрүүгө каршы бүткүл дүйнөлүк күрөштү жетектөөгө убада кылды.
“Бүгүн биздин балдарыбыздын келечеги үчүн ошону менен бирге, бүткүл америкалыктардын саламаттыгы жана келечеги үчүн Айлана чөйрөнү коргоо агенттигине энергия станцияларындагы булганыч газдын чыгышын токтотуу, ошондой эле буга чейинки жана мындан кийинки курулуучу энергия станцияларына жаңы талаптарды коюуга тапшырма берем”, - деди Обама.
Вашингтондогу университетте сүйлөгөн сөзүндө Обама Америка бул өлкөдө өндүрүштөн бөлүнүп чыккан булганыч газдын эң негизги булагы деп каралган энергия станцияларындагы көмүр-кычкыл газына биринчи жолу бөгөт коюп жатканын белгиледи.
Вашингтондогу жыйынга келгендер президент Обаманын кайрылуусун жылуу кабыл алышты. Анткени менен Америкада көптөгөн кишилер климаттык өзгөрүү жана аны ооздуктоо үчүн иш-аракеттерге ишенбөөчүлүк менен карашат. Обама акыркы 12 ай ичинде болуп өткөн сел-ташкындар, ысык аба, кургакчылык жана бороон чапкындар тууралуу эскертип, климаттык өзгөрүүгө каршы аракет көрүшүбүз керек деп белгиледи.
АКШ президенти дүйнө жүзү бул багытта Американын алдыга жол башташын күтөт деп айтып, бирок, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр дагы бул маселеге көз карашын өзгөртүшү керек экенин кошумчалады.

























