Тайланддын премьер-министрине импичмент кабыл алынган жок

Тайланд парламентиндеги оппозициялык депутаттар премьер-министр Йинглак Чинаватка импичмент жарыялоо үчүн жетиштүү колдоо ала алган жок.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тайланд парламентиндеги оппозициялык депутаттар премьер-министр Йинглак Чинаватка импичмент жарыялоо үчүн жетиштүү колдоо ала алган жок.
Published

Тайланд парламентиндеги оппозициялык депутаттар премьер-министр Йинглак Чинаватка импичмент жарыялоо үчүн жетиштүү колдоо ала алган жок. Чинаватты кызматтан кетирүүгө 134, каршы 297 добуш берилген.

Импичмент жарыялоо сунушун оппозициялык Демократиялык партия парламенттин талкуусун алып чыккан.

26-ноябрда премьер-министр дагы бир жолу ага каршы айтылган сын-пикирлерге жооп кайтарып, коррупциялык схема түзүп алган деген айыптарды четке каккан.

Ал ортодо Тайландда өкмөткө каршы нааразылык акциялар беш күндөн бери басылбай жатат.

Демонстранттар өкмөттүк имараттарга жүрүш жасашып, бир катар министрликтер эвакуацияланган.

Тайландда өкмөткө каршы нааразылык акциялар беш күндөн бери басылбай жатат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тайландда өкмөткө каршы нааразылык акциялар беш күндөн бери басылбай жатат.

Оппозициялык лидерлер Йинглак Чинаваттын өкмөтүн анын бийликтен кеткен агасы Таксин Чиноват башкарып жатат деп айыпташууда.

Премьер-министр коопсуздук күчтөрүнө коменданттык саат киргизүү, жолдорду жабуу жана оппозициялык лидерлерди камакка алууга атайын укуктарды берген.

Бирок, азырынча демонстрациялар тынч маанайда өтүүдө. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун тараптарды сабырдуулук жана мыйзамдуулукту сактоого чакырды.