Шинжаңдагы кагылыштан 16 адам мерт болду

Шинжаң аймагы катуу көзөмөлдө болгондуктан соңку маалыматтарды тастыктоо кыйын болуп жатат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шинжаң аймагы катуу көзөмөлдө болгондуктан соңку маалыматтарды тастыктоо кыйын болуп жатат.
Published

Кытайдын батышындагы уйгурлар басымдуулук кылган Шинжаң аймагындагы куралдуу кагылышуудан 16 адам мерт болгонун мамлекеттик жаңылыктар агенттиги билдирди.

Бул окуя жекшемби күнү кечке жуук Кашкар шаарынын жанындагы айылда орун алган.

Аймактагы өкмөттүк маалымат порталы жазгандай, полиция кылмышка шектүүлөрдү кармоого аракеттенгенде жардыргыч зат жана бычак менен куралданган топтун чабуулуна кабылган. Натыйжада полициянын огунан 14 адам каза таап, эки полиция кызматкери окко учту.

Кытайдын мусулман уйгурлары басымдуулук кылган аймагында маал-маалы менен ар кыл кагылышуулар орун алып келет.

Өкмөт бул кагылышуулар үчүн экстремисттик топторду күнөөлөп келет. Уйгур активисттери болсо аймактагы улут аралык чыңалуу жөнүндө айтышып, Кытайдын катаал режимине доомат артышат.

Шинжаң аймагы катуу көзөмөлдө болгондуктан соңку маалыматтарды тастыктоо кыйын болуп жатат.

Расмий “Тянь-Шань” агенттиги эки адам камакка алынганын кабарлады.

Өткөн айда мамлекеттик медиа Кашкардын жанындагы полиция бөлүмүндөгү чабуулдан тогуз жөн-жай адам жана эки полиция мерт болгонун кабарлаган.

Октябдын соңунда Бээжиндеги Тянанмень аянтында калың элдин тобуна автоунаа сүзүп кирип, өрттөнүп кеткен. Анын кесепетинен беш киши каза тапкан.

Бээжин бул окуяны Шинжаңга байланышы бар экстремисттик топтор уюштурган террорчул чабуул деп мүнөздөгөн. Полиция автоунаанын ичинде каза тапкан үч кишини шинжаңдык уйгурлар деп мүнөздөгөн.