"Тоттенхэм" машыктыруучусун кетирди

Виллаш-Боаш "Тоттенхэмге" 2012-жылдын июлунда башкы машыктыруучу болуп дайындалган эле.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Виллаш-Боаш "Тоттенхэмге" 2012-жылдын июлунда башкы машыктыруучу болуп дайындалган эле.
Published

"Тоттенхэм" футбол клубунун башкы машыктыруучусу Андре Виллаш-Боаш кызматынан алынды. Бул окуя Англия премьер-лигасында кечээ күнү команда "Ливерпулга" 5:0 эсебинде утулгандан кийин болуп жатат.

"Тоттенхэмдин" тархында өз талаасында чоң эсепке уттуруп койгон беттешүүлөр дээрлик 16 жылдан бери бир да жолу катталган эмес. Премьер лигадагы жадыбал боюнча команда жетинчи орунда келатат. Лиганын баш сабына чыккан “Арсеналдан” сегиз упай артта калды.

Виллаш-Боаш "Тоттенхэмге" 2012-жылдын июлунда башкы машыктыруучу болуп дайындалган эле. Клубдун жетекчилиги португалиялык машыктыруучу менен кызматтан кетүү туралуу сүйлөшүү болгонун билдирип, ага ийгиликтерди каалады.

Соңку апталарда Виллаш-Боаштын командасы күйөрмандары күткөндөй жыйынтыктарды бере алган жок. Жай айында эле клуб жаңы оюнчуларды сатып алуу үчүн 110 миллион фунт сарптап, машыктыруучуга команданы алдыңкы төрттүккө алып чыгуу менен Чемпиондор лигасына илинүү тапшырмасы койулган.

24-ноябрда "Тоттенхэм" "Манчестер Ситиден" 0:6 эсебинде утулду. Андан кийин "Манчестер Юнайтед" менен тең чыгып, "Фулхэм" жана "Сандерлендди" уткан менен соңку бетешинде “Ливерпулдан” ири эсепте утулуп калды.

Азыр клубдун башкы машыктыруучулугуна Орусия курама командасынын машыктырып жаткан Фабио Капеллонун, "Челсинин" мурдагы машыктыруучусу Роберто Ди Маттеонун аттары аталып жатат.

Виллаш-Боаш ушуну менен быйылкы жылдагы англиялык премьер-лигадагы жумушанан кеткен бешинчи машыктыруучу болуп калды.