Виталий Кличко спорттон кетет

Виталий Кличко профессионалдык рингде 45 жолу жеңишке жетишип, эки жолу гана жеңилүү ызасын таткан.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Виталий Кличко профессионалдык рингде 45 жолу жеңишке жетишип, эки жолу гана жеңилүү ызасын таткан.
Published

Бокстун WBC багыты боюнча дүйнө чемпиону Виталий Кличко өзүнүн титулунан баш тартып, Украинада саясат менен алектенерин айтты.

Дээрлик он күндөн бери Украин баш калаасында өтүп жаткан наразылык акцияларында Кличконун ролу чоң. Он миңдеген демонстаранттар Евросоюзга кошулууну жактап, президент Януковичтен Бажы союзунан баш тартып, саясый туткундарды бошотууну талап кылып жатышат.

Виталий Кличко профессионалдык рингде 45 жолу жеңишке жетишип, эки жолу гана жеңилүү ызасын таткан.

Виталий Кличко украин парламенттиндеги оппозициялык "УДАР" партиясын жетектейт.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Виталий Кличко украин парламенттиндеги оппозициялык "УДАР" партиясын жетектейт.

Бүткүл дүйнөлүк мушкерлер кеңеши Кличконун чечимин түшүнүү менен кабыл алганын айтып, качан болбосун кайра бокска кайтып келүүгө болоорун билдирди. Ошондой эле чемпиондук даражадагы мушкер менен каалаган учурда бетешүүгө уруксат берди.

Виталий Кличко мушкерлер уюмуна ыраазылык билдирип, “Мен дитимди Украинадагы саясый карьерага бурдум, ушул жерде мен адамдарга өтө керек экенимди сезип жатам” деп айтты. Бокста иниси Владимирди колдоп турам деди.

Виталий Кличко украин парламенттиндеги оппозициялык "УДАР" партиясын жетектейт. Ал парламент трибунасынан 2015-жылы өтө турган президенттик шайлоо жарышына катышаарын айткан эле.

Виталий Кличконун соңку рингдеги беттешүүсү өткөн жылы 8-сентябрда Москвада германиялык мушкер Мануэл Чаррага каршы өтүп, аны жеңип алган.