Британия албуут шамалга кабылды

Британия аймагындагы катуу шамалдан апта башында эки киши каза тапты. Аэропорттордо жүздөгөн рейстер кармалып, бир нече миң тургун электр жарыгы жок калды. Ошол эле учурда ири шаарларда транспорттук каттамдар башаламандыкка туштугуп жатат.
Англиянын түштүк аймагында жабыр тарткан турак-жайлар бар. Бул аймакта 100 миңге жакын үйлөр жана мекемелер электр жарыгы жок калган.
Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилөө алдында эс алуу күндөрү жарыяланып, британиялыктардын көбү башка өлкөлөргө камынып жаткан учурда болгон бул кырсык жүргүнчүлөр үчүн чоң ыңгайсыздыктарды пайда кылууда. Эң ири Хитроу аэропорту жүздөгөн рейстерди артка жылдырган.

Дүйшөмбү күнү Лондонго учуп келүүгө тийиш болгон жүргүнчүлөрдүн көбү Манчестер менен Бирмингемге түштү. Катуу шамалдан улам Лондонго келген учактар коно албай калган.
British Airways менен Стокгольмдон учуп келген Бенджамин Уэбстер, “Хитроуго коно албай койгон учактын ичинде болчумун. Эки жолу конууга аракет жасады, кудай сакта өтө коркунучтуу болду! Баары бир коно алган жокпуз. Бирок капитан профессионалдуулук менен учакты башкарып Станстедге кондук” деп айтып берди.
Көпчүлүк британдыктар мындай катуу шамал мурда качан болгонун эстей алышпайт.
Азыр үзгүлтүк менен болсо да суу жана темир жол каттамдары иштеп жатат. Синоптиктер таң сааттарга барып шамалдын кайра күчөй турганын билдиришти.
Бийликтер айрым аймактарга эскертүүлөрдү берди.




























