БУУ: Түштүк Суданда миңдеген адамдар кырылды

Түштүк Судан 2011-жылы көз карандысыздыкты алганга чейин 22 жыл бою атуулдук согуштан жапа чегип келген.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түштүк Судан 2011-жылы көз карандысыздыкты алганга чейин 22 жыл бою атуулдук согуштан жапа чегип келген.
Published

Бириккен Улуттар Уюмунун гамнитардык координаторунун Би-Би-Сиге маалымдашынча, өткөн аптада Түштүк Судандагы зомбулуктан миңдеген адамдар өлтүрүлгөн.

Юнити аймагындагы Бентиу шаарындагы БУУнун өкүлү Тоби Ланзер узаган жуманын Түштүк Судан үчүн өтө кандуу болгонун ырастады.

Буу Түштүк Судандагы тынчтык коргоочулардын санын эки эсеге, же 12 500 адамга көбөйттү. Президент Салва Киир анын аскерлери негизги шаарлардын бири болгон Борду ээлегенин жарыялаган, бирок көп узабай аталган шаарды козголоңчулар басып алган.

Алардын башында, Динка уруусунун башчысы, президент Киирге каршы күрөшкөн Нуер этникалык тобунун лидери Риек Мачар турат. Шейшемби күнү өлгөндөр үч массалык көрүстөнгө коюлганын БУУ билдирди.

Ланзердин айтымында, куралдуу кагылыштардан качкандардын саны жүз миңдеп саналууда, ооруканаларда он миңдеген жаралуулар жатат. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллай касташкан эки уруунун тең жоготуулары жана кооптонуулары өтө зор экенин билдирди.

80 миңге жакын адам туруктуу жашаган жеринен көчүүгө мажбур болгон. Алардын жарымы БУУдан баш калка суроодо.

Түштүк Судан 2011-жылы көз карандысыздыкты алганга чейин 22 жыл бою атуулдук согуштан жапа чегип келген.