Түркия: Эрдоган менен Гүлендин тиреши эмнеде?

Түркияда эки министр уулдарына тагылган айыптардан улам кызматтан кетти. Аналитиктер өлкөдөгү соңку окуялар премьер-министр Эрдоган менен таасирдүү динаятчы Фетхуллах Гүлендин ортосундагы пикир келишпестиктен кабар берет дешет.
Түркияда экономика министри Зафер Чаглаян менен ички иштер министри Муаммер Гүлер коррупция боюнча уулдарына тагылган айыптардан кийин кызматтан кетишти.
17-декабрда полиция бир канча министрдин уулдары жана мамлекеттик “Халкбанктын” жетекчиси баштаган жыйырмадан ашык таасирдүү кишини коррупция боюнча айыптап, камакка алган. Полициянын өкмөт өкүлдөрүнө жасаган бул мамилеси премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын ачуусун келтирген. Натыйжада чектен ашты деген жүйөө менен Стамбул полициясынын жетекчиси баш болгон бир канча комиссарлар кызматтан айдалган.
Кызматын тапшырган экономика министри соңку чуулгандуу окуяларды өкмөткө каршы багытталган “кара санатай” операция деп сыпаттады. Ал полициянын рейди атайын уюштурулган деп айтты. Премьер-министр да эрежени көз жаздымда калтырган атаандаштарынын “колун сындырабыз” деп эскертти. Министрлердин уулдары Каан Чаглаян менен Барыш Гүлер шаарды өнүктүрүү долбоорлорундагы паракорчулук боюнча айыптарды четке кагып жатышат.
Оппозиция бул окуядан кийин министрлерди кызматтан кетүүгө чакырган. Жекшембиде Стамбулда бул талап менен нааразылык акциясы да өткөн. Түркиянын премьер-министри Эрдоган исламчыл делген “АК” партиянын жетекчиси катары 2002-жылы бийликке келген. Аналитиктер өкмөткө тиешеси бар адамдардын камалышы, андан соң полиция жетекчилеринин кызматтан алынышы партия ичиндеги карама-каршылыктан кабар берет дешет.
Азыр Америкада жашаган түркиялык динаятчы Фетхуллах Гүлен премьер-министр Эрдогандын атаандашы катары сыпатталууда. Полиция жана сот тармагында ал негиздеген “Хизмет” же “Кызмат” кыймылын колдогондор бар экени айтылып келет. Премьер-министр соңку окуяларды Түркиянын сыртындагы күчтөр алдын ала сүйлөшүп, уюштурган деп билдирди.
Кезегинде бири-бирине колдоо көрсөткөн делген түрк-премьери Эрдоган менен таасирдүү динаятчы Фетхуллах Гүлендин жолдору кайсы маселеде айрылышы мүмкүн? Бул суроо менен политология илимдеринин кандитаты, теолог Самаган Мырзаибраимовго кайрылдык.
“Гүлендин жамааты башка партиялар менен да ымалашып, иштешип келген. Акыркы мезгилде бийликтеги АК партия менен Фетхуллах Гүлендин Түркиядагы түзүмгө каршы иш алып барууда экөөнүн максаты бир болчу. Кандайдыр бир деңгээлде динчилердин көз карашына ылайыктуу структуралык өзгөрүү кайсы бир чекке жеткенден кийин өздөрүнүн кызыкчылыктары карама-каршы келе баштады. Эрдогандын диний чөйрөдө авторитетинин жогорулашы, Гүлен жамаатындагы айрым адамдардын Эрдоганды идол катары карай башташы жамааттагы кээ бир жетекчилердин авторитетине шек келтире баштады деп ойлойм. Эрдоган жагынан карап көрсөк, бул жамаат мамлекеттик структураларга өздөрүнүн адамдардын алып келүүгө аракет кылган. Фетхуллах Гүлендин жамааты кандайдыр бир деңгээлде ийгиликке жеткен. Бул Эрдогандын өзүнүн өкмөтүн көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн азайтат. Себеби алар Эрдоганга баш ийүү менен бирге жамаат катары Фетхуллах Гүлендин көз карашына ылайык аракеттенүүгө милдеттүү экенин сезип турат. Эки адамдын ортосундагы авторитеттин талашы катуу кайым айтышууга алып келди”,-деп билдирди Самаган Мырзаимбраимов.
Адистин Эрдоган менен Фетхуллах Гүлендин тирешинин кесепети, Гүлен негиздеген кыймылдын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу айтканын <link type="page"><caption> бул жерден</caption><url href="http://www.bbc.co.uk/kyrgyz/multimedia/2013/12/131225_iv_myrzaibraimov.shtml" platform="highweb"/></link> уксаңыз болот.





























