Судандык качкындар оор абалда

Тγштγк Суданда кагылыш башталгандан бери 200 миндей адам турак жайын таштап качууга аргасыз болду.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тγштγк Суданда кагылыш башталгандан бери 200 миндей адам турак жайын таштап качууга аргасыз болду.
Published

Эл аралык гуманитардык уюмдар Тγштγк Судандан барган он миндеген качкындардын Нилдин жээгиндеги лагерде абдан оор антисанитардык шартта жашап жатканына тынчсызданышууда.

Лагерден Би-Би-Си кабарчысы билдиргендей, кээ бир γй-бγлѳлѳр кѳтѳргѳн оокат-соокаты менен кошо бак-дарактардын алдына корголоп кγн кѳрγγдѳ.

«Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун жетекчисинин айтымында, «лагерде таза суу жоктугунан качкындар Нилден суу искенге мажбур болууда».

Ошондой эле адамдар жык-жыйма болуп кѳбѳйγп, дааратканалар жок болгон шартта диарея чыгып жайылыш коркунучу турат.

Бириккен Улуттар Уюму Тγштγк Судандагы касташкан тараптарды согуштук аракеттерди дароо токтотуп, сγйлѳшγγгѳ барууга чакырууда.

Ѳткѳн жылы декабрда башталган кагылыштан бери минден ашык адам курман болду. 200 миндей адам турак жайын таштап качууга аргасыз болду.