Ставрополдогу кылмыштардын тамыры бирби?

Ставрополдогу бул окуялардан кийин коопсуздук күчтөрү террорго каршы операция өткөрүштү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ставрополдогу бул окуялардан кийин коопсуздук күчтөрү террорго каршы операция өткөрүштү
Published

Орусиянын Ставропол аймагындагы эки райондо коопсуздук күчтөрү антитеррордук операция өткөрүштү. Шаршембиде бир сутканын ичиндеги үч жердеги төрт унаадан алты адамдын сөөгү табылган. Алар октон каза тапканы айтылууда.

Орусиянын тергөө комитети окуя болгон жердеги унаалардын жанына мина коюлганын билдирди. Колго жасалган жардыргычтардын бири жарылып кеткен, бирок ал жердеги полиция кызматкерлеринен эч ким жабыр тарткан жок деп кабарланды.

Унаада сөөктөр табылган жерлер Краснодар крайы менен чектешкен. Бул аймакта жакында кышкы олимпиада башталат деп күтүлүп жаткан Сочи шаары жайгашкан. Бирок бир аймак эсептелгени менен Сочи окуя болгон жерден 500 чакырым алыс.

Унаалар табылган жер

ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү биринчи унаа шейшемби күнү түн жарымында Ставрополдун Тамбукан айылына жакын жерден табылган. Бул айыл Кабардин-Балкар менен чектешкен аймакта жайгашкан. Унаадан табылган киши ушул эле айылдын тургуну экени ырасталган.

Эрте менен коңшулаш Киров районундагы Золский станицясынан эки унаадан эки кишинин сөөгү чыккан. Унаалардын жанында колго жасалган жардыргычтар коюлган.

Чегем операциясы

Бул окуялардан бир нече күн мурун, 30-декабрда коңшулаш Кабардин-Балкарда атайын операция өткөрүлүп, үч адам өлтүрүлгөн эле.

Орусиянын улуттук антитеррордук комитети согушчандар Жаңы жыл жана Рождество майрамдарында жардырууларды пландаганын айткан. Ошондой эле башка кылмыштарга да тиешелүү экендигин билдирген. Чегем шаары Золский жана Маринский станицясынан 70 чакырым аралыкта жайгашкан.

Сочиде кышкы олимпиадага бир айга жетпеген убакыт калганда Орусия коопсуздук чаралары күчөтүп жатат. Декабр соңундагы Волгограддагы бир нече адамдын өмүрүн алган эки жолку жардыруулардан кийин коомчулуктун көңүлү Сочи олимпиадасындагы коопсуздук маселесине бурулду. Өткөн жылы чечен сепаратисттеринин лидери Доку Умаровдун Сочи олимпиадасын бутага алууга чакырган видеосу интернетке жарыяланган болчу.