Сирия: согуш ичиндеги согуш

Сириядагы согуш ичинде дагы согуш жүрүүдө. Түркүн исламчыл топтор Ал-Каидачыл кыймылдар менен тирешүүдө.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сириядагы согуш ичинде дагы согуш жүрүүдө. Түркүн исламчыл топтор Ал-Каидачыл кыймылдар менен тирешүүдө.
Published

Алеппо шаарында Сирия өкмөтүнүн жөнөкөй жарандарга каршы аба соккуларын сындаган БУУнун Коопсуздук кеңешинин билдирүүсүн Орусия ырастаган жок. Кезинде Сириянын бизнес борбору болуп келген бул шаарда эми эки согуш жүрүп жатат.

Бири өкмөттүк күчтөр менен көтөрүлүшчүлөрдүн ортосунда. Экинчиси атаандаш исламчыл фракциялар менен “Аль-Каидага” ыктаган топтордун ортосунда. Экинчи кармаш да биринчи согуштай эле кандуу болууда.

Абу Аззам - Эркин Сирия армиясындагы командир. Ал Би-Би-Сиге Сирия өкмөтүнө каршы күрөшкөнүн айтууда. Абу Аззамдын жоокерлери эми экинчи согушка - бул ирет “аль-каидачыл” АЙСИС кыймылына каршы күрөшкө туш келди.

Биз андан кайсы тарап менен күрөш татаалыраак экенин сурадык.

“Аль-каидачыларга каршы күрөшүү кыйын. Согушуу жагы эмес. Биз режимге каршы турганда жаныбызды аябайбыз. “Ал-каидачылар” да биздей ишенимде болгондуктан, бизге кыйын”,-деди Абу Аззам.

Менбеш шаарында Эркин Сирия армиясынын жоокери “аль-каидачылардан” тартып алган имаратты көздөй желегин алып баратат. Соңку күндөрү айыгышкан кармаш болду.

Буга байланыштуу Түркия Сирия менен болгон чек арасын жапты. Унаалардын кезеги жылбай туруп калды.

Сириядагы чырда чек ара өтмөктөрү абдан маанилүү. Өлкөнүн ичинде көтөрүлүшчүлөр “Аль-Каида” менен чек ара өтмөктөрү же стратегиялык орундар үчүн салгылашууда. “Аль-Каида” болсо өлкөдө өзүн күчтөнтүп алууну көздөйт.

Хасан Шейх Омардын Сириянын Даркуш шаарындагы бейтапканасы бар. Дүйшөмбү күнү доктурлар “Аль-Каида” койгон унаа бомбасынан жабыркагандарга жардам берген:

“Биз таң калдык. Бир нече күн мурун АЙСИС менен көтөрүлүшчүлөр кармаша баштаган. Унаа бомбасынан жабыркагандарга жардам бергенге эптеп жетиштик”.

Сириядагы АЙСИСтин конвойу да кара желегин желбиретип баратат. Бул кыймыл багынуудан баш тартууда. Сириянын экинчи согушу да ырайымсыз.

Сириядагы согуш ичинде дагы согуш жүрүүдө. Түркүн исламчыл топтор Ал-Каидачыл кыймылдар менен тирешүүдө.