Шарондун сөөгү жерге берилди

Израилдиктер жана жыйырымдан ашуун өлкөдөн келген жетекчилер Йерусалимде өлкөнүн мурунку премьер-министри Ариел Шаронду акыркы сапарга узатты. 85 жаштагы Шарон өткөн алтынчы күнү көз жумду. Соңку сегиз жыл бою ал эсине келбей комада жаткан.
Ариел Шарондун табыты Израил парламенти - Кнессетте турат. Аны менен коштошууга дүйнөнүн учурдагы жана мурунку жетекчилери келди. Премьер-министр Беньямин Нетаньяху жыйырма чакты чет өлкөлүк жогорку даражадагы өкүлдөрдүн алдында Шарондун басып өткөн жолун эскерди:
-Израилдин тарыхында Ариел Шарон эң чоң лидерлердин бири, Израил калкы үчүн күрөшкөн баатыры катары эсте калат. Израил өлкөсү бүгүн аны менен коштошууда. Шарондун өлкө коопсуздугуна кошкон салымы Израилдин тарых барактарына жазылган. Элеси түбөлүк сакталат.

АКШнын вице-президенти Жоу Байден Американын Израил менен мамилесине токтолду:
-Израил сыяктуу бекем мамлекетте, далай сынактан өткөн өлкөдө - Шарондой болгон премьер-министрдин дүйнөдөн кайтышы жакын бүлөөдөн айрылгандай сезим калтырат. Көптөгөн америкалыктар жоготууга учурагандай сезимде калышты.

Кечээ миңдеген карапайым израилдиктер Израил парламентинин сыртында шамдарды жагып, коштошууга келишти. Жоокер жана мамлекеттик жетекчи катары Шарондун ишмердиги карама каршылыктуу эле. Ал 1982-жылы Израилдин Ливанга кол салышы артында турган. Бейруттагы качкындар лагеринде жүздөгөн палестиналыктардын өлүмү үчүн жоопту деп айтылган.
Министр кезинде Шарон басып алынган аймактарда еврей конуштарын курууну баштаган. Бирок кийинки жылдары Газадагы еврей конуштарын бошотуу чечими менен көптү таң калдырган. Бул Израилдин коопсуздугу жана макамы үчүн керек деген ал. Ал мындан ары да Палестина менен тынчтыкты бекемдөөгө барат беле, аны айтуу кыйын. Сегиз жыл мурун саясий бийликти колунда кармап турганда Шарон мээсине кан куюлуп, ошондон оңолгон жок. Шарондун сөөгү өзү туулуп өскөн Түштү Израилде Аскердик сый-урмат менен жерге берилди.




























