Джон Керри Сириянын оппозициясын сүйлөшүүгө барууга чакырууда

Сүрөттүн булагы, Getty
АКШнын мамлекеттик катчысы Джон Керри Сириянын оппозициясын келерки жумада Швейцарияда боло турган "Женева-2" тынчтык конференциясына барууга үндөп жатат.
Сириянын башкы оппозициялык канаты болгон Сирия Улуттук Коалициясынын өкүлдөрү жума күнү Стамбулда жолугушуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө баруу жөнүндө маселени бир жаңсыл чечишмекчи.
5-7 январда Түркияда болгон жыйында Сириянын оппозициясы тынчтык конференциясына катышуу маселесинде бир чечимге келе алган эмес.
Джон Керри «Женева -2» деп аталган сүйлөшүүлөрдүн башкы максаты Сириядагы согушту токтотуу үчүн өткөөл өкмөт түзүү процессин баштоо экенин баса белгилөөдө.
"Өткөөл өкмөткө ар бир талапкер оппозиция тарабынан да, режим тарабынан да колдоого ээ болууга тийиш. Эгерде бир тарапка эле жакпаган адам болсо, мейли ал президент Асад болсун же оппозиция мүчөсү болсун, ал эч кандай роль ойнобошу керек»,-деди Керри.
Сирияда үч жылдан бери болуп жаткан согушта 100 миңден ашык адам курман болду. Болжол менен эки миллион адам жан соога издеп сыртка качты, дагы алты жарым миллион адам өлкөнүн ичинде журт которду.
























