Сочидеги коопсуздук маселеси

Жекшембиде президент Путин, Сочидеги Олимпиада оюндарында коопсуздукту сактоо үчүн 40 миңдей тартип сакчылары жана атайын кызматтын өкүлдөрү тартыларын айтты.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жекшембиде президент Путин, Сочидеги Олимпиада оюндарында коопсуздукту сактоо үчүн 40 миңдей тартип сакчылары жана атайын кызматтын өкүлдөрү тартыларын айтты.
Published

Сочи Олимпиада оюндарына эки апта убакыт калганда экстремисттик "Вилаят Дагестан" сайты “Ансар ал-Сунна" тобунун мүчөлөрүнүн видео кайрылуусун жарыялады. Алар Сочидеги спорттук иш чаралар учурунда террордук актыларды уюштурабыз деп коркуткан. Кадрда куралчан эки киши Волгограддагы чабуулдардын артында турушканын айтып жатышат.

Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан бул туралуу расмий комментарийлер айтылган жок. Бул видео жекшемби күнү жарыяланган. Орусиялык "Известия" басылмасы, “Бүгүн Мамлекеттик думанын депутаты Михаил Маркелов Башкы прокуратурага жана Роскомнадзорго кайрылып, "Вилаят Дагестан" менен байланыштуу интернет рессурстарын жаап салуу жана кылмыш ишин ачуу сунуш айтты” деп жазып чыкты.

Өткөн жылдын сентябрь айында "Вилаят Дагестан" сайтына прокуратура тарабанынан экстремисттик ишмердүүлүккө чакырган чакырыкты жайгашытрган деп кылмыш иши козголгон.

Жекшембиде президент Путин, Сочидеги Олимпиада оюндарында коопсуздукту сактоо үчүн 40 миңдей тартип сакчылары жана атайын кызматтын өкүлдөрү тартыларын айтты. Кышкы Олимпида оюндарындагы коопсуздук маселеси жыл соңундагы Волгограддагы удаасы менен болгон жардыруулардан кийин эл аралык коомчулуктун көңүл борборунан түшпөй калды.