Киевдеги кагылышуулар басылбай жатат

Сүрөттүн булагы, AP
Киевде өкмөткө каршы акциянын катышуучулары менен милиция күчтөрүнүн ортосунда эки түн катары менен кагылышуулар болууда. Президент Виктор Янукович өлкөнүн калкын зордук-зомбулук ураанын чакыргандарга кошулбоого үндөп жатат.
Киевде кезектеги кармашууда оппозициялык отряддар курган ыргытуучу конструкция – «катапульта» жок кылынды. Бул милиция Грушевск көчөсү аркылуу чыгууга аракет кылган учурда болду. Активисттердин айтымында, ошондон кийин «Беркут» отряддары чегинип кетти.
«Беркут кайрадан Грушевск көчөсүндөгү «бөлүштүрүүчү чектин” артына кетти. Баары мурдакы түрүнө келди: анда-сандагы жардыруулар, бөтөлкөлөр, “барабандардын” даңгырагы”,-дейт Би-Би-Синин Киевдеги кабарчысы Юррий Маловерьян.
Көчө кармаштары Киевде жекшембиде башталып, украин бийликтери менен катарында улутчулдар жана либералдар аралашкан оппозициялык күчтөрдүн тирешүүсүнүн жаңы айлампасы болуп калды.
Шаардын администрациясынын маалыматына караганда, кагылышууда эки тараптан 200 адам жабыркады. Жүздөн ашык адам ооруканага жатты. Талкаланган”катапульта” бир нече саат ичинде эле Twitterде украин тилинде өзүнчө энчилүү атка конду, ага дароо эле эки миң адам катталды.
Оппозиция элди Киевдеги "майданга" чакырып, коргонуу отряддарын уюштурууда. Президент Виктор Янукович оппозиция менен сүйлөшүүгө макул экенин билдирип, украин элинге кайрылды.
Янукович элди зордук-зомбулук ураанын чакыргандарга, мамлекетти бөлүп жаргандарга, тополоң жолду тандап алгандарга кошулбоого үндөп жатат.
Оппозиция сүйлөшүүлөрдөн кандайдыр бир майнап чыгарына ишенбей, бийликти кызматтан чегинип, жаңы президенттик шайлоо өткөрүү керек деген позициясынан жанбай турат.
Европа Биримдиги менен АКШ Украина бийлигин тополоңдор менен зомбулуктарды тез арада токтотуп, саясий макулдашууларга барууга чакырды. Козголоңчулар демонстрацияларга байланыштуу жаңы чыккан мыйзамга карата кыжырданышып, кадыресе эркиндикти чектеген мыйзам катары баалашууда.
Бийликтеги Януковичтин партиясы болсо бул мыйзамдын Европа стандарттарына шайкеш келгенин айтып жатат. Ошентсе да Батыш өлкөлөрү жаңы кабыл алынган мыйзамдан кооптонушууда.




























