Сирия өкмөтү Хомсто курчоодо калгандарды бошотууга макул

"Эски шаардын тосулган аймактарынан аялдар менен балдар дароо чыгып кетсе болот,"-деп билдирди БУУнун чабарманы Лахдар Брахими .
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Эски шаардын тосулган аймактарынан аялдар менен балдар дароо чыгып кетсе болот,"-деп билдирди БУУнун чабарманы Лахдар Брахими .
Published

Женевада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр уланып, бүгүнкү талкууда өлкө бийлигин өткөрүп берүү маселеси үстөмдүк кылууда.

Дем алыш күндөрү маанилүү жылыш болуп, өкмөт эки жыл бою Хомсто курчоодо калган аялдар менен балдарга шаардан чыгып кетүүгө уруксат берерин жар салды. Бирок эркектер документ көрсөтүшү керек деген талап оппозицияны кабатыр кылды.

Сирия өкмөтүнүн Хомс шаарынын айрым бөлүктөрүндө блокаданы алып салууга макул болушу жүздөгөн кишилердин абалын жеңилдетет.Бул жаңылыкты Женевадагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн ортомчулардын бири, БУУнун чабарманы Лахдар Брахими, "Эски шаардын тосулган аймактарынан аялдар менен балдар дароо чыгып кетсе болот,"-деп билдирди.

Мындан көп өтпөй Сириянын Тышкы иштер министринин орун басары, козголоңчулар ок чыгарбоо шартын аткарса эле жардам уюмдары Хомс шаарына бара берсе болот деди.

"Эгер Хомстогу террорчулар эски шаардан аялдар менен балдарды чыгарса, биз аларга эч тоскоол болбойбуз. Тескерисинче, биз баш калка, дары-дармек менен камсыздайбыз,"-деди Сириянын ТИМ орун басары Файсал Муктад.

Бирок Сириянын өкмөтү аялдар менен балдардан башка, эркектер да чыккысы келсе алар адегенде ысмын бийликтерге билдирүүгө тийиш деп талап койду. Ошентсе да кишилердин Хомс шаарынан чыгууга мүмкүндүк алганы, узак блокададан кийин жардам жеткирүүгө жол берилгени - ийгилик деп каралууда. Балким Женевадагы сүйлөшүүлөр чындап эле абалды өзгөртөт.