Обама АКШдагы жакырчылыкка каршы күрөшүүгө убада кылды

Обама федералдык жалданма жумушчулардын бир сааттык эмгек акысын 10.1 долларга көтөрүүнү пландап жатат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Обама федералдык жалданма жумушчулардын бир сааттык эмгек акысын 10.1 долларга көтөрүүнү пландап жатат.
Published

АКШ президенти Барак Обама жылдык билдирүүсүндө анын социалдык теңсиздикке каршы күрөшүү долбоорун конгресс колдоого албаган учурда дагы ишке ашырууга убада кылды.

Президент бул багытта конгресс менен тыгыз байланышта болуп, тил табышууга аракет кылаарын айткан. Эгер конгресс менен кызматташуу ойдогудай болбосо, анда Обама өз укугунан пайдаланып, маселени президенттик жарлык менен чечээрин эскертти.

Обама федералдык жалданма жумушчулардын бир сааттык эмгек акысын 10.1 долларга көтөрүүнү пландап жатат. Ал конгресстен башка тармактарда дагы ушундай эле жогорулатууну талап кылууда.

Андан тышкары Обама Иран маселесине токтотуп, өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жаткан татаал учурда бул өлкөгө каршы жың санкцияларды киргизүү жаңылыш кадам болоорун айткан.

Ошондой эле президент өлкө ичиндеги зордук-зомбулуктардын күч алышына көз карашын билдирди. Ал америкалыктардын курал-жарак алып жүрүү укуктарына көзөмөлдү күчөтүүнү каалайт.

Конгресс мындай позицияны колдоого алган эмес.